Россияда аралыктан иштесе да эң көп маяна төлөнө турчу кесиптер аталды

© Фото / Pixabay/ StartupStockPhotosНоутбукта иштеп жаткан аял. Архив
Ноутбукта иштеп жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Веб-дизайнер жана программисттер үйүнөн отуруп иштесе да кеминде 100 миң рубль алары аныкталган.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Россияда аралыктан иштөөгө ылайыкталган кесиптердин ичинен 1С боюнча программист-аналитиктер эң көп маяна алары белгилүү болду. Мындай кесиптин ээлери айына 270 миң рублге чейин табышат. Бул тууралуу РИА Новости Работа.ру порталынын иликтөөсүнө таянуу менен жазды.

Аталган суммадагы эмгек акы иш тажрыйбасы төрт жылдан кем эмес, маалыматтар базасын башкаруу системасы менен иштей алган, 1С конфигурациясынын жок дегенде бир түрүн билген кызматкерге төлөнөт.

Ал эми сырткы-экономикалык ишмердүүлүк боюнча долбоорлордо иштеген менеджерлерге 200 миң рублдан жогору сунушталат. Бул үчүн тажрыйбасы беш жылдан жогору, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн чет тилди билүүсү шарт.

Сберавто компаниясы Backend иштеп чыгуучуларга үйдө отуруп иштесе да айына 180 миң рубль маяна берет. Жумушка аларда үч жылдан кем эмес тажрыйбасына, Golang программалоо тилин билгенине жана Docker, Kubernetes программаларын колдоно аларына маани берет.

Forbes Конор Макгрегордун жылдык кирешесин жарыялады

Эки жылдык тажрыйбасы бар HTML5 жана CSS3 системасын билген Html-макет дизайнери (Senior) айына 140 миң рубль таба алат.

Ошондой эле веб-дизайн жасоону үйрөтүү курсунда иштеген мугалимдерге 100 миң рубль төлөп беришет.

Жаңылыктар түрмөгү
0