Путин Россия коронавируска каршы экинчи вакцинаны каттаганын жар салды

© Фото / Пресс-служба Роспотребнадзора / Медиабанкка өтүүКоронавируска каршы вакцина. Архив
Коронавируска каршы вакцина. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын окумуштуулары буга чейин коронавирусту профилактика кыла турчу дүйнөдөгү биринчи вакцинаны иштеп чыккан.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин өкмөт мүчөлөрү менен болгон кеңешмеде Новосибирскидеги "Вектор" борбору коронавируска каршы россиялык экинчи вакцина катталганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Вице-премьер Татьяна Голикованын айтымында, "ЭпиВакКорона" коопсуз, алгачкы 60 миң дозасы жакынкы күндөрү чыгарылат.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги препарат 1-январдан тарта жарандар үчүн колдонууга чыгарын ырастаган.

"Вакцина 14-21 күндүк аралык менен эки жолу тамырга 0,5 миллилитр дозада колго сайылат", — деп жазылган дарынын көрсөтмөсүндө.

Кыргызстанда 100 миңден ашуун киши сасык тумоого каршы вакцина алды

Белгилей кетсек, Россиянын окумуштуулары коронавирусту профилактика кыла турчу дүйнөдөгү биринчи вакцинаны иштеп чыгып, аны "Спутник V" деп атаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0