COVID-19ду канткенде биротоло жеңе алабыз? Окумуштуунун пикири

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүCOVID-19 каршы вакцина менен ампула кармаган медайым
COVID-19 каршы вакцина менен ампула кармаган медайым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин айтымында, өнөкөт ооруларына, жаш курагына, организмдеги өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу адамдын баарына бир эле вакцина жарай бербейт.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Коронавирус пандемиясын токтотуу үчүн дүйнө жүзүндөгү адамдардын ар бирине туура келе турган ар кандай вакциналар жасалып чыгышы керек. Мындай пикирин Россиянын Илимдер академиясынын президенти Александр Сергеев РИА Новости агенттигине билдирди.

Анын айтымында, өнөкөт ооруларына, жаш курагына, организмдеги өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу адамдын баарына бир эле вакцина жарай бербейт.

"Мисалы, аллергиясы бар адамдарга вакцинанын көпчүлүк түрү кооптуу. Айрым өнөкөт же онкологиялык оорусу бар адамдарга жаңы жасалган вакцина туура келбей калышы мүмкүн. Ошондуктан ар бир топту эске алып, көп түрлүү вакциналар жасалышы керек. Ошондо гана пандемияны толук жеңе алабыз", — деди Сергеев.

COVID-19га туруштук берет. Вирусолог иммунитетти кантип бекемдеш керектигин айтты

Эске салсак, ушул жылдын 11-мартында дүйдө жүзүндө коронавирус пандемиясы жарыяланган. Жон Хопкинс атындагы изилдөө институтунун расмий сайтындагы маалыматка караганда, дүйнө жүзүндө коронавирус жуктургандардын саны бүгүн 37 745 942ге жетти. Ал эми Кыргызстанда вируска кабылгандардын саны 50 миңге чукулдап калды. Акыркы күндөрү биздин өлкөдө дагы коронавирустан кайрадан өлүм каттала баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0