Токсиколог Александр Сабаев: Навальныйдын ууланганы такталган жок

© AFP / MAXIM ZMEYEVЛидер российской оппозиции Алексей Навальный
Лидер российской оппозиции Алексей Навальный - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
РФтин Сибирь федералдык округу жана Омск облусунун башкы токсикологу, медицина илимдеринин кандидаты, № 1 Омск шаардык ооруканасынын тез жардам бөлүмүнүн башчысы Александр Сабаев РИА Новости агенттигине Алексей Навальныйды дарылоо жөнүндө айтып берген.

Адистин айтымында, бейтап ууланган эмес, зат алмашуусу бузулгандыгы аныкталган. Навальныйды ийгиликтүү дарылап, бир нече саат ичинде абалын жакшырта алышкан. Дарыгер ошондой эле уу менен ууланган кишинин кебетеси кандай болорун, калыптанышы канча убакыт аларына да токтолгон.

— Александр Владимирович, Алексей Навальный алгач сиздердин ооруканага түшкөн. Ууланыптырбы?

— Уулануу болгон эмес. Абалы кескин начарлашынын бир себеби катары ушул вариант каралган, бирок биздин клиникадагы алты саат ичинде "катуу ууланган" деген диагноз алынган. Ал гана эмес, клиникалык да, анамнестикалык да, химиялык-токсикологиялык да изилдөөлөр менен андай нерсе такталган эмес.

"Новичок" баяны: Навальный эмнеге немецтер менен оюн курууда?

— Анда эмне болгон? Навальный ууланганы, анын диагнозунда бир зат табылганы дүйнө жүзүнө тарап, ири саясий ишке айланып кетти. Бейтаптын саламаттык таржымалын сиздер кандай толтурдуңуздар эле?

— Зат (тагыраак, көмүртек) алмашуусунун жетишсиздиги деген бүтүм чыгарылган. Мында жашыра турган нерсе жок. Бул бейтаптын айрым тарапташтары элестетип жаткандай курч химиялык оору эмес. Бейтап учакта отурган бир нече саат же балким, суткага чейинки убакыт аралыгында келип чыккан оор метаболикалык абал.

Ошол оор абалдан бейтапты чыгаруу үчүн күрөштүк. Аракетибиз текке кетпеди, куру дегенде абалы турукташып, жылыш байкалган.

Дароо белгилей кетейин, курч химиялык илдет жана зат алмашуунун бузулушу – булар бири-биринен таптакыр айырмаланган патологиялык процесстер. Ошондуктан клиникалык жактан химиялык дарт болгон эмес.

Зат алмашууда өзгөрүүлөр бар. Биз ошондой синдромдор менен алыштык. Биздин клиникага келгенден 40-42 саат өтпөй абалында жылыш байкалган.

— Зат алмашуунун кескин бузулушуна эмне себеп болгон?

— Себептери ар кыл болушу ыктымал. Бул алиментардык, башкача айтканда, тамактануу жана алкоголдук ичимдик факторлору, мүнөздөп тамак ичүү эрежелерин сактабай же кайсы бир диетаны кармануу фактору да болушу мүмкүн. Негизгилери адатта ушулар.

Зат алмашуунун бузулушу лабораториялык тесттер менен тастыкталган. Биз сегиз биохимиялык тест жүргүзгөнбүз. Жалпы кислоталуу абалы 11 ирет изилденген. Гликемия деңгээли 25 жолу изилденген.

Баары документтештирилген, баары тастыкталган, баары коллегиялык түрдө талкууланган. Квалификациялык, башкы адистер, Омск медициналык университетинин кызматкерлеринин катышуусунда сегиз кеңейтилген консилиум өткөрүлгөн. Ошондуктан "уулануу" диагнозу жокко чыгарылып, жалпы "көмүртектин организмде алмашуусу бузулган" деген бүтүмгө келгенбиз.

— Бул уйку бездин өнөкөт оорусунан уламбы?

— Ошондой экени шексиз. Уйку без, анын функциясы жабыркаган, бул биз жүргүзгөн тесттерден көрүнүп турат.

Саясат таануучу: Трамптын Навальный жөнүндөгү "чуулуу окуяга" аралашкысы жок

— Арты өлүмгө да алып келеби?

— Албетте. Версиялардын негизгиси — аталган бейтаптын уйку безинин дисфункциясы кандагы канттын деңгээли кескин көтөрүлүп кеткен. Мындай диапазондо гликемиялык профиль — бул өтө кооптуу көрүнүш. Гликемиялык профилди диапазонду нормасына келтирүү үчүн алышып, 12-14 саат дегенде нормага келтирдик.

Алгачкы 12 саатта ушундай гликемиялык шторм болгон. Канттын деңгээли ондон 20га чейин олку-солку болуп, инсулиндик терапия менен да түшүрө албай турдук.

— Алексей Навальныйдын өмүрүн сактап калдыңыздар деп айтсак болобу?

— Албетте. 20сынан 21-августка караган түнү бейтаптын абалы аябай начарлаган, канда лактата деңгээли кооптуу чекке жеткен. Нормасы экиге чейин болуш керек, ал эми бул бейтаптыкы 12ни түзгөн. Кризис учакта да, бизге түшкөндө да эмес, андай абал клиникага жаткырылгандан 14 саат өткөндөн кийин башталып, жети-сегиз саатка созулган. Ошол убакта полиоргандык жетишсиздик синдрому өрчүп кетиши да мүмкүн эле, андай болсо бейтап ажалга кабылмак.

— Кантип сактап калдыңыздар?

— Интенсивдик терапияны өткөрдүк, кыска таасир этүүчү инсулинди бөлүп сайып жаттык. Адекваттык нейровегетативдик түзөтүү жүргүздүк, уйкусун жөнө салдык. Албетте, бейтап жаш, резервдери бар, ачык өнөкөт, өтүшүп кеткен оорулары жоктугун белгилеп коюу абзел. Бирок интенсивдүү иш алпардык, бардык функция жана системаларын ар саатта байкап турдук.

44 саат дегенде кандагы канттын деңгээлин түшүрүп, 3,3-5,5 диапазонуна түшүрө алдык. Андан кийин өзгөргөн жок. Ацетонемиясы бүтүп – организмдин кычкылданышы, лакатацидоз кетип – сүт кычкылынын чыгарылышы токтогон. Организм глюкозаны сиңире баштаган, бул абдан маанилүү болгон. Ал сиңирилбей калган учурда өлүм коркунучу жогору.

Германия Алексей Навальныйды үн катпоого мажбурлайт. Саресеп

— Ал комада жатты...

— Ооба, бирок, терең эмес, үстүрт комада жатты. Жандандырууда жаткан бейтап үчүн бул – чоң жылыш. 44 саатта комадан чыгаруу чоң эмгекти талап кылат. Бул – дарылоонун абдан жакшы көрсөткүчү. Зат алмашуу комасын дарылоо стандарты боюнча иштедик. Ошондуктан, жакшы – лабораториялык да, клиникалык да жыйынтыкка жетиштик. Айтмакчы, буга коматоздук абалды да кошумчалайм. Бизге келгенде кома беш баллга бааланган, ал эми аэророртко жеткирүүдө ал тогуз баллга жеткен, башкача айтканда, команын тереңдиги азайган. Негизи тогуз баллда бейтап көздөрүн ачып калат.

— Беш балл болгондо бейтап кандай акыбалда болот?

— Андайда бейтап комада эс-учу жок жатат, үнгө, бирөөнүн кол тийгизгенине, жылдырууга реакция кылбайт, дем алуусу көп жабыркай элек, бирок деми кыстыкканы байкала баштайт. Мындай кома тезинен жандандыруу аракеттерин көрүүнү талап кылат, башкача айтканда, өпкөнү жасалма дем алдырып, интенсивдик терапияны баштоо зарыл.

Биз да уулануу деп шектенгенбиз, химиялык таасир этүүнү далилдей турган анализдердин кеңири түрүн карап чыктык. Токсиканттарга реакция кыла турган органдарды – бөйрөк, боор, жана өпкө текшердик. Бул органдардын маркерлеринин биринде да өзгөрүү болбоду. Бөйрөк да, боор, өпкө да таптаза болчу. Биринчиден, органдар иштеп турду, экинчиден, эч бир орган химиялык ооруну мүнөздөй тургандай жабыркаган эмес.

— Канча убакыт ичинде уулануу деп аныктоого болот?

— Кайда болбосун, учактабы, мейманканада же ооруканадабы адамдын абалы начарлаган маалдан тарта алгачкы алты саат аралыгында "уулануу" термини жана "уулануу" диагнозу актуалдуу. Эгер биз ууланууну тастыктасак, биз ультрагемодиафильтрация форматында детоксикация жүргүзүүгө тийишпиз.

Ультрагемодиафильтрация — экстракорпоралдык түрдө токсиканттарды чыгарууга мүмкүндүк берген реанимациялык пособие. Кан атайын мембрана аркылуу тазаланат.

— Сиздер бул процедураны жүргүзгөн жоксуздарбы?

— Жок, андайга көрсөткүчтөр жок эле. Органдардан уйку без гана жабыркаган. Ушул органда гана оору байкалып, калгандарынын баары норма чегинде эле.

Химиялык дарт болсо, адатта уйку без дароо жабыркабайт, бир нече күндөн кийин гана ага да таасир этет.

"Түндүк агым – 2нин" тагдырын "Новичок" чечеби? Геосаясаттын кезектеги көшөгөсү

— Химиялык травма учурунда кандай болот?

— Беш – бөйрөк, боор, өпкө, жүрөк жана баш мээ тутумдары жабыркайт. Эс-учунан танганына гана таянып, биз уулануудан да шектенген элек. Бирок, анын себептери инфекциялык илдеттен жөнөкөй жараат, мээнин жабыркашы, инсультка чейинки, анын ичинде уулануу өңдүү миңдеген себептери болушу ыктымал.

— Анткен менен "дароо болбосо да, байкалбагыдай ченем менен кийин кошулган" дегендер да жок эмес....

— Биздин клиникадан кийинби же ага чейинби?

— Сиздердин клиникада андай болгон да, туурабы?

— Жок, жок! Андай мүмкүн эмес! Биздин негизги бригада иштеди, баары – биздин адистер. Москвалык институттардан үч адис болгон. Бейтапты башка адистер караган жок. Өзүнчө бөлмөдө, чоочун көздөн далдоо, кандайдыр адистер же бөтөн адамдардан оолак жаткырылган. Ал түгүл оорукананын кызматкерлеринен да бөлүм жетекчилери гана болгон. Башкалар кирген да, эч нерсе алып келишкен да, процесске катышкан да жок. Баары жетишерлик жабык өттү, өзүм жетектедим.

— 44 сааттан кийин бейтап көзүн ачып калганын айттыңыз. Алексей сиздердин ооруканада ушундай жылыштагы комада канча убакыт жатты?

— 42 саат дегенде кокустуктар эле болуп кетпесе, биз кесиптештер менен бешинчи-алтынчы-жетинчи суткада жакшы жыйынтыкка жетишебиз деген бүтүмгө келдик. Ушундай убакытта эсине келип, дем алуусу калыбына келет. Омск шаарынан учуп кетеринен 14 саат мурун мээ, жүрөк булчуңдары, скелеттик мускулатурага, бардык маанилүү функциялардын калыптанышы үчүн зарыл компоненттер менен азыктандырыла баштаган. Аны кандай сиңиргенин, азыктандырууну дагы кантип кеңейтүүгө болорун баалоо биз үчүн маанилүү эле. Бирок, бейтаптын үй-бүлөсү башка клиникага которууну каалады.

— Сиздердин божомол боюнча Алексей эсине келиши керек тура. Бирок Германияда ал эки аптадан ашуун комада жатты. Бул эмне болушу мүмкүн? Кантип түшүндүрүүгө болот?

— Кома эки апта же бир жума сүргөнү тууралуу маалыматым жок.

Россия Германияга кол суна албайт. Учурдагы жагдайга сереп

— Ал комада экени, ошондой абалда 15 күн жатканы жар салынган.

— Айтыш кыйын. Патологиялык процесс жагынан бул уникалдуу оору эмес. Мындай нерселерди көп көргөнбүз. Бирок, тажрыйбага таянсак, мындай курактагы, ушундай дене түзүлүштөгү, өнөкөт оорулары жок киши беш-алты суткада эсине келмек.

— Өнөкөт панкреатити бар дедиңиз го жогоруда?..

— Эгер жакшы карап көзөмөлдөсө, бул кооптуу даражадагы оору эмес. Катуу кармаса, себеби эмнеде экени бейтапка так маалым болот. Андан сурашса жооп берет.

— Сурашыптыр, "Мени Путин ууландырды" деп жооп бериптир.

— Уулануу, химиялык оору болгон эмес. Андай болсо диагноз, биринчиден, врач-токсиколог, экинчиден, коллегиалдуу, үчүнчүдөн, абалы боюнча маалыматка жараша тастыкталышы кажет. Бул документация каралат, талданат, андан соң гана консилиум тарабынан жалпы чечим кабыл алынат. Биздин консилиумдарда бул тема биринчи суткада эле жабылган.

Маселен, дихлофос менен ууланган бейтаптар да оор абалда 60-70 сутка жатчу. Жандандыруу мөөнөтү эле ушунча созулат. Биз нервдик-паралитикалык уу жөнүндө айтып жаткан соң, калыбына келүү ошончо убакыттан кийин гана башталат.

— Биз эмес, бизге ошондой экенин айтып жатышпайбы.

— Алар айтып жаткандай уулануу болсо, организм толук кыймылдабай калмак. Нерв тутуму – абдан жай, узак калыптанчу система. Жакшы жыйынтыкты жарым жылдан эрте күтүп болбойт.

— Александр Владимирович, Навальный Россияга кайтып келсе кандай болот? Анын абалы боюнча эл аралык консилиум же кандайдыр иликтөө жүргүзүлөбү?

— Адамдын саламаттыгы, калыбына келиши, кадимки жашоо ыргагына түшүшү дайым чоң мааниге ээ. Талаш маселелерди чечүү үчүн жалгыз мен эмес, менин көптөгөн кесиптештерим, москвалык окумуштуулар да чындап эле кеңейтилген консилиум куруу, медициналык коомчулуктун кеңейтилген талкуу өткөрүү керектигин айтышкан. Адамдын өмүрү жана саламаттыгы дайым актуалдуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0