Жандан кечкенби. Көтөрүлгөн көпүрөгө кирип кетип көз жумган мотоциклчен. Видео

© AFP / BORIS HORVATГонки на мотоциклах во Франции
Гонки на мотоциклах во Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мотоциклчен кишинин Санкт-Петербургда көтөрүлгөн Сампсониевский көпүрөсүнө эмне үчүн түптүз кирип кеткени азырынча белгисиз бойдон калууда.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Kawasaki үлгүсүндөгү мотоциклченди көпүрөнүн жээгинде турган жол кызматкери токтотууга үлгүрбөй калгандыгын РЕН ТВ телеканалы жазды.

Ал эми окуянын видеосу YouTube каналына жарыяланды. 

Кадрдан ал коргоочу тосмолорду тоготпой ылдамдык менен түптүз өтүп барып, көпүрө көтөрүлгөндө пайда болгон ажырымга түшүп кеткендигин көрүүгө болот. Андан ары 29 жаштагы жигит сууга кулаган.

Көпүрө урап, чуңкурга түшүп бара жатканын айдоочу тартып алган. Россиядагы окуя

Аны суудан алып чыкканда эс-учун жоготкону аныкталып, бир аздан кийин көз жумган.

Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциядан окуянын ишемби күнү түнкү саат экиге чукул болгондугун, маркум жолдорго тыюу салган белгини тоготпой өтүп кеткендигин айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0