"Спутник V" вакцинасын ойлоп тапкандарды Нобель сыйлыгына көрсөтүү сунушталды

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер "Спутник V" ампуласы менен
Медициналык кызматкер Спутник V ампуласы менен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын окумуштуулары коронавирусту профилактика кыла турчу дүйнөдөгү биринчи вакцинаны иштеп чыгып, аны "Спутник V" деп атаган.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Коронавирустун вакцинасын биринчи болуп ойлоп тапкан Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борборунун окумуштууларын быйылкы Нобель сыйлыгына көрсөтүү керек. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын саламаттык сактоо боюнча комитетинин өкүлдөрү айтканын РИА Новости жазды.

Аталган комитеттин жетекчисинин орун басары Леонид Огулдун билдиришинче, миллиондогон адам кабылган оорунун шыпаасын табуу — илим менен медицинадагы чоң жетишкендик.

"Дал ушул коронавирустун вакцинасын россиялык окумуштуулар ойлоп тапканына кубанычтамын. Ак халатчандардын эмгеги дүйнө коомчулугу тарабынан бааланышы керек деп ойлойм", — деген парламент өкүлү.

"Вектор" борбору коронавируска каршы вакцинасы үчүн патент алды

Дума комитетинин мүчөсү Борис Менделевич дагы вакцинаны биринчи болуп иштеп чыккандар сыйлыкка көрсөтүлүүгө татыктуу деген пикирин билдирген.

"Окумуштуулар кеминде Нобель сыйлыгына талапкер болушу керек", — деген эл өкүлү.

Россиянын окумуштуулары коронавирусту профилактика кыла турчу дүйнөдөгү биринчи вакцинаны иштеп чыгып, аны "Спутник V" деп атаган.

Вакцинаны каттоодон кийинки сыноолору Москвада 7-сентябрда башталып, ага катышкандар 9-сентябрда эмдөөдөн өттү. Жалпысынан изилдөөгө 40 миң ыктыярчы катышат. Алардын 10 миңине плацебо заты берилет, бул вакцинанын эффективдүүлүгүн текшерүү үчүн зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0