Россия кайрадан чек арасын жаап, аба каттамдарды кыскартабы

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүАэропорртогу медицина кызматкерлери. Архив
Аэропорртогу медицина кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин бир катар ЖМКлар Россия коронавирустун күчөп бара жатканына байланыштуу чек арасын жаап, сырттан киргендер боюнча чектөөлөрдү киргизгенин жазышкан.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Россия чек арасын жаап, авиакаттамдардын санын кайрадан кыскартууну пландаган жок. Бул тууралуу COVID-19га каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабга шилтеме берип РИА Новости жазды.

Буга чейин бир катар ЖМКлар Россия коронавирустун күчөп бара жатканына байланыштуу чек арасын жаап, сырттан киргендер боюнча чектөөлөрдү киргизгенин жазышкан.

"Ыкчам штаб чек араны жаап, аба каттамдарын кыскартууну пландаган эмес", — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандан чет өлкөлөргө ачылган каттамдардын тизмеси

Белгилей кетсек, дүйнөнүн башка өлкөлөрү сыяктуу эле Россияда дагы коронавирус күчөп бара жатат. Ушул тапта РФте вирус 0,9 пайызга өскөнү айтылууда. Дүйшөмбү күнү өлкө боюнча 10 888 киши COVID жуктуруп алганы аныкталган.

Ал эми дүйнө жүзү боюнча коронавирус жугузгандардын саны 5-октябрь күнү 35 миллиондон ашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0