Россиялык "Панцирь" — душмандын учкучсуздарына каршы каражаттын мыктысы

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүРоссиянын мобилдик "Панцирь - С" комплекси
Россиянын мобилдик Панцирь - С комплекси - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
РФтин курал рыногундагы батыштык атаандаштарынын дүйнөдөгү эң мыкты зениттик ракеталарды жана ракеталык-замбиректик комплекстерди жок кылуунун айрым аракеттери катаал чындыкка туруштук бере албай калууда.

Согуштук кырдаалда Россиянын куралы батыштык өндүрүштүн акыркы үлгүлөрү бир топ артыкчылыктарга ээ. Мобилдик "Панцирь - С" комплекси буга айкын далил. АКШ Куралдуу күчтөрүнүн африкалык командачылыгы (AFRICOM) көпкө кечиксе да бир фактыны моюнга алды. Бул тууралуу аскерий баяндамачы Александр Хроленконун макаласынан окуңуздар.

Кошмо Штаттардын Куралдуу күчтөрүнүн AFRICOM командачылыгы 2019-жылдын ноябрында Ливияда Италия армиясына таандык америкалык өндүрүштөгү MQ-9 Reaper ("Жнец") сокку уруучу учкучсуз аппараты жана MQ-1 Predator ("Хищник") көп багыттуу учкучсуз учагын Россияда чыгарылган "Панцирь-С1/Э" зениттик ракеталык-замбиректик комплекс атып түшүргөн. Муну моюнга алганы менен AFRICOM командачылыгынын чалгын кызматынын жетекчиси чоо-жайына кенен токтолгон жок. Бирок андан мурдараак, былтыр 20-21-ноябрда Ливиянын борбору Триполинин аймагында АКШ жана НАТОнун дрондору "Панцирдин" огунан кыйраган. Ал курал Халифа Хафтардын командачылыгындагы Ливиянын улуттук армиясына таандык болчу.

АКШны тынч уктатпаган Су-57 неге мынча бүйүр кызытат?

50 бирдиктен турган комплексти Бириккен Араб Эмирлиги Россиядан сатып алган. Эмирлик тарабынан ийгиликтүү пайдаланылып, кийин Ливияга жеткирилген. Белгилүү болгондой, MQ-9 Reaper жана MQ-1 Predator учкучсуздары жердеги буталарды бура бастырбас катары жасалган. Бирок Ливияда жогорку технологиялык россиялык "Панцирге" алардын тиши өткөн эмес.

Наркы менен натыйжалуулугунун шайкештиги боюнча "Панцирь С1/Э" (НАТО кодификациясында – SA-22 Greyhound, экспорттук баасы – 14 млн. долларга чейин чыгат) америкалык өндүрүштөгү кымбат баалуу (наркы 30 млн. долларга чейинки) оор учкучсуздардан алда канча ашып түшөт.

Мурда да MQ-9 Reaper учкучсуздары Иран, Сирия, Йемендин аймактарынан атып түшүрүлүп келген, бирок бутага оңой илинчү "жнец" АКШ жана НАТОго мүчө бир катар өлкөлөрдүн сокку уруучу дрондорунун флагманы бойдон калууда. Пентагон жакын арада "Панцирь-С1" россиялык комплекстерин кыйратууга багытталган учкучсуздардын атайын тобун чыгарууну пландоодо.

Жаңы америкалык учкучсуз учуучу аппараттар салыштырмалуу чакан көлөмдө, 100 килограммга чейинки салмакта болмокчу. Ылдамдыгы – саатына 130 чакырым, 350 чакырымга чейинки аралыкка учат. Ал эми азырынча АКШ армиясы Аризонадагы Юма полигонунда "Панцирлерди" жок кылууга машыгып жатат.

Мээлегенин алып түшкөн "Прометей". Бутасын 550 чакырымдан кыйратчу жаңы ракета

Олимпиадалык арыш

Планетанын ар кыл аймактарындагы согуштук аракеттерде сыналган "Панцирь" комплекстери жүздөгөн учкучсуз аппараттарды талкалап, адистердин жогорку баасына татыган. Комплекс Сирияда "акылдуу ракеталардын" тобуна жана анча байкалбаган учкучсуздардын уюугуна каршылык берүүчү эң эффективдүү каражат катары тааныла алды.

Сириялык тажрыйбасын эске алганда "Панцирь-С1М" зениттик ракеталык-замбиректик комплекстин заманбапташтырылган, экспорттук версиясы узак аралыктан да учкучсуздардын болгон түрүн аныктап, жок кылууга жөндөмдүү. "Панцирь-СМ" жаңы модификациясы 75 чакырымга чейинки аралыктагы буталарды табат. Ал эми жаңы ракеталардын буталарын кыйратуу радиусу 40 чакырымга чейин болору айтылат.

Сентябрдын акыркы күндөрү "Панцирь" Тоолуу Карабахта да керекке жарамак. Жаңжалдашкан тараптардын аскер жана техникалык жоготууларын азайтмак. Армениялык жана азербайжандык күчтөр чалгындоочу жана сокку уруучу учкучсуз аппараттарды кызуу колдонууда. Аларды таап жана жок кылуу кыйла эле кыйын.

Командорго түшкөн россиялык десант жана Анадырдагы Ту-160. "Өнөктөштөргө" жооп

Заманбап көрүнүштөр ушундай экен, абадагы буталардын талкалоочу жана ыкчамдык мүмкүнчүлүктөрү тынымсыз өнүгүп, ал эми көлөмү улам сайын кичирейип, көзгө чалдыкпас болуп баратат. Сирияда касташкан тарап абадан аралаш сокку урган, учкучсуз жана ракеталар бутасына ар кай жактан (бир соккуда 13 аппаратка чейин) жакындап, бирок майнап чыккан эмес.

"Панцирдин" огун башкаруу тутуму фазалык антенналык торчого туташтырылган, аба буталарын жана өз ракеталарын коштойт, учуучу аппараттардын майда тетиктерине дейре айырмалай алат. Үч – оптикалык, буталарын ыраакта (50 чакырымга чейин) коштоо радарларына ээ, көрүнбөс аймактары жок.

"Панцирь-С" зениттик ракеталык-замбиректик комплекси – мунаралык бөлүгүнө артиллериялык жана көп режимдүү ракеталык курал туташтырылган, радиолокациялык-оптикалык башкаруу системасына интеграцияланган дүйнөдөгү бирден-бир коргонуу тутуму.

РФтин Космостук-аба күчтөрү эмдиги жылы сокку уруучу дрондорго ээ болот

Комплекс азыркы бардык канаттуу жана үндөн ыкчам ракеталар, авиабомба жана учкучсуздардан 20 чакырымдан кем эмес радиуста (абадан коргонуу куполасынын бийиктиги – 15 чакырым) аскердик жана жарандык объектилерди ынанымдуу коргой алат.

"Панцирь" катуу отун менен тездетилүүчү жана бытыранды-өзөктүү ок бөлүгү бар эки кабат зениттик тескелүүчү кырк ракета менен дүрмөттөлгөн. Секундасына 1000 метрге чейинки ылдамдыкта учуп бараткан бир нече бутаны бир убакта жок кыла алат.

Анткен менен салыштырмалуу кымбат деле эмес (душмандын арзан учкучсуздарына С-300 жана С-400 сымал зениттик комплекстердин кымбат ракеталарын курулай чыгым). Мүнөтүнө 5000 ок атууга жөндөмдүү 30 миллиметрлик калибрдеги алты стволдуу эки замбирек (буталарын 5 чакырымга чейинки аралыктан кыйрата алат) зениттик ракеталык комплекстин согуштук мүмкүнчүлүктөрүн алда канча кеңейтет.

"Панцирь" комплекстери Россиянын Аскердик-деңиз флотуна жана Кургактагы күчтөрүнө алынган. Полярдык тегеректе (Кола жарым аралында аскердик мөөнөт өтөйт) экспорттук дарамети жогору. Россия эбак чет өлкөлүк өнөктөштөрүнөн 15 тапшырык алган. Дүйнөдө "Панцирдин" түз аналогу жок, жакын аралыкта да чыгары күтүлбөйт. Америкалыктардын "Анти-Панцирь" учкучсуздарынын тобун чыгарышы абдан кыйын.

Концептуалдык таймаш

Абадан ишенимдүү коргоо – күчтөрдүн жана сокку уруучу куралдардын согуштук туруктуулугунун негизи. Абадан коргонуу каражаттарынын натыйжалуулугуна болгон азыркы талаптарды эске алуу менен "Панцирь-С" жаңы гипер үндүү ракетага (ылдамдыгы 5 Махка чейин) ээ болду.

Киши башкарган ракеталык-замбиректик комплекстин негизинде россиялык адистер "Панцирь" зениттик робот-автоматты жасоодо. РФтин Коргоо министрлигинде принципиалдуу чечим кабыл алынып, тактикалык-техникалык талаптары такталган.

Жасалма интеллекти бар машина оператордун катышуусусуз эле бутаны таап, аныктап жана жок кыла алат. Айрыкча, бул кескин төмөн же өтө жогору температура шарттарында, душман тарабынан жапырт кыйратуучу (химиялык, биологиялык, өзөктүк) куралдар пайдаланылган кырдаалдарда маанилүү.

Ошентип Россия абадан коргонуу жаатында жаңы технологиялык өсүш жасоодо. Анан, албетте, өз жетишкендиктери менен санаалаш союздаштары жана өнөктөштөрү менен сөзсүз бөлүшөт. Америкалык The National Interest басылмасы "Панцирди" учкучсуздарды пайдалануу менен жапырт чабуулдун мизин кайтарууга эң ылайыктуу курал деп атаган. Анан да Россия армиясынын жердеги күчтөрү чабуулду дайым абадан күтүп, абадан коргонуунун түрдүү арсеналдарына ээлик кыларын чочулоо менен белгилейт. АКШнын кургактагы күчтөрү куралдуу аба күчтөрүнүн зыянсыздандыруу жөндөмүнө таянып көнүп алган. Аларда "Панцирь" сымал жакынкы радиустагы натыйжалуу абадан коргонуу комплекс жок.

Ошону менен бирге эле зениттик ракеталык-замбиректик комплексинин ок атуунун чыгымы чабуул койгон учкучсуздун наркынан жүз эсе төмөн. Ал эми согуштук кырдаалда "Панцирдин" жоготуулары абдан аз, оор техниканын эпсиз пайдаланылышына байланышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0