"Вектор" борбору коронавируска каршы вакцинасы үчүн патент алды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЛабораториянын кызматкерлери иш учурунда. Архив
Лабораториянын кызматкерлери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган борбор коронавируска каршы вакцинаны жыл башында чыгарып, июндун аягында клиникалык сыноодон өткөргөнүн жарыялаган.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Россиянын Өндүрүш менчиги боюнча федералдык институту вирусология жана биотехнология жаатында иш алып барган "Вектор" борборунун коронавируска каршы чыгарган "ЭпиВакКорона" вакцинасына патент берди. Бул тууралуу Роспатентке таянып РИА Новости жазды.

Окумуштуулар вирустун бөлүктөрүн камтыган вакцинаны — синтетикалык пептиддик антигендерди иштеп чыгышкан. Алардын негизинде жасалган вакцина COVID-19га каршы иммундук реакцияны жаратат жана иммунитеттин бекемделишине өбөлгө түзөт.

COVID-19га каршы россиялык вакцина КМШга берилет

"Бардыгы болуп үч вакцинага патент берилген, анын ар бири өзүнө вирустун модификацияланган фрагментин камтыйт", — деп айтылат Роспатенттин билдирүүсүндө.

"Вектор" вирусология борбору коронавируска каршы вакцинаны жыл башында чыгарып, июндун аягында клиникалык сыноодон өткөргөнүн жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0