65тен өйдө курактагылар үйдө отургула. Собянин москвалыктарга кайрылды

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүМосква көчөлөрүнүн биринде бараткан пенсионерлер. Архив
Москва көчөлөрүнүн биринде бараткан пенсионерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрия эшикке, абага чыгып сейилдөө, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо чектелбестигин, бирок тууган-тааныштар менен жолугууну азайтыш керектигин айткан.

БИШКЕК, 25-сен. – Sputnik. Коронавируска байланышкан абалдан улам Москванын мэри Сергей Собянин өнөкөт оорусу бар улгайган москвалыктарды 28-сентябрдан тарта аралыктан иштөөгө же эмгек өргүү алууга чакырды. Бул туурасында билдирүү аталган калаанын сайтында жазылган.

Вирус боюнча тараган жалган маалымат менен күрөшөлү. ДССУ жана БУУнун чакырыгы

"Өнөкөт оорусу бар 65 жаштан өйдө москвалыктар менен андан бир аз жашыраактар өтө зарыл болбосо үйдөн чыкпай туруусу керек. Же шаардын сыртындагы бакча жайларынан кетүүсү шарт. Өзүнчө жашаган тууган-тааныштар менен убактылуу көрүшпөй, катташпай турууңарды суранабыз. Эшикке, абага чыгып сейилдөө, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо чектелбейт", - деп айтылган маалыматта.

Мэр Сергей Собянин Москвада акыркы күндөрү коронавирус чыккан учурлар бир топ көбөйгөндүгүн элдин эсине дагы бир ирет салган.

Андан сырткары, суук жакындап келе жаткандыктан, аны менен кошо мурда болуп жүрчү сасык тумоо көбөйөрүн кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0