Россияда Кыргыз-орус шумкар борбору ачылмай болду

© Sputnik / Ульяна Соловьева / Медиабанкка өтүүКыз колунда шумкар менен. Архив
Кыз колунда шумкар менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияда курулуп жаткан комплекс шумкарлардын жоголуп бара жаткан түрлөрүн көбөйтүүгө багытталган. Борбор "Мурастын" тажрыйбасына таянуу менен түзүлөт.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Россияда Кыргыз-орус шумкар борбору ачылат. Бул тууралуу РФтин жаратылыш ресурстары жана экология министри Дмитрий Кобылкин билдирди.

Кыргызстандын Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинен билдиришкендей, республикага Кобылкин баштаган россиялык делегация келген. Анын алкагында министр Ысык-Көл облусундагы Кыргыз-орус "Мурас" шумкар борборуна барган.

"Министр Кобылкин мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Мирслав Аманкулов менен жолугуп, "Мурас" фондунан шумкарлардын берилишине ыраазычылык билдирди. Аталган фонддон алынган ак шумкарларды Владимир Путин Сауд Аравиясынын королуна жана Абу-Дабинин канзаадасына белекке берген", — деп айтылат маалыматта.

Путин Сауд Аравиянын королуна кыргызстандык мүнүшкөрдүн шумкарын белек кылды

Кобылкин ошондой эле жакынкы аралыкта Россияда Кыргыз-орус шумкар борбору ачыларын, ал шумкарлардын жоголуп бара жаткан түрлөрүн көбөйтүүгө багытталарын билдирген. Борбор "Мурастын" тажрыйбасына таянуу менен түзүлөт.

"Учурда Кыргыз-орус шумкар борбору Камчаткада курула баштады. Бул эң ири комплекс болуп калмакчы. Долбоорду Путин колдоп берди", — деп россиялык министр белгилеген.

Анын айтымында, ушундай эле питомниктерди Россиянын башка аймактарына дагы уюштуруу пландалып жатат.

"Мурас" шумкар борбору Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Сары-Булуң айылында жайгашкан. Ал 2016-жылы курулган. Борбордун жалпы аянты 12 гектарга жетет. Учурда анда 130 шумкар багылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0