Россия балдар үчүн коронавирус вакцинасынын жеңил түрүн да иштеп чыгат

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүЫмыркайга укол сайып жаткан дарыгер. Архив
Ымыркайга укол сайып жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуу учурда вакцина 18 жаштан жогорку адамдарга гана сыналып жатканын, кийинчерээк жаш балдар үчүн да чыгарыларын белгилейт.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Коронавирустун вакцинасы сыноодон өткөндөн кийин жок дегенде эки вариант менен колдонууга чыгарылат. Бул туурасында Sputnik радиосуна Гамалея атындагы илим-изилдөө борборунун бөлүм башчысы, профессор Александр Бутенко билдирди.

Анын айтымында, препараттын эки варианты тең "Спутник V" вакцинасынын негизинде жасалмакчы.

"Вакцинаны сыноо учурунда жаш курагы жана гендердик тобуна жараша ар кандай контингенттеги адамдар катышышы керек. Көп тармактуу изилдөө жүргүзүү шарт, себеби вакцинациялоо схемасы калктын калың катмарына жайылат. Демек, дарыны колдонуунун бардык вариантын аныктоо талап кылынат", — деди профессор.

Россиянын коронавируска каршы вакцинасын 27 өлкө алуу ниетин билдирди

Ошондой эле Бутенко сыноо иретиндеги вакцинаны 18 жаштан жогорку адамдар гана алып жатканын, бирок натыйжада препарат жаш балдарга да ылайыкталышы керектигин белгилейт. Ушуга байланыштуу сыноо бүткөндөн кийин вакцинанын жеңилирээк түрүн да иштеп чыгуу күтүлүүдө.

Россия иштеп чыккан препарат COVID-19дун алдын алуу үчүн чыгарылган дүйнөдөгү биринчи вакцина катары катталып, "Спутник V" деген аталыш берилген. Аны Гамалея атындагы улуттук илим-изилдөө борборунун адистери Россиянын түз инвестициялар фондунун колдоосу менен иштеп чыккан. Эксперттердин айтымында, вакцинаны клиникалык сыноо иш-чарасына катышкандарда антителолор иштелип чыгып, препараттын коопсуз экендиги тастыкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0