Жириновский COVID-19га каршы вакцина алып, азыркы абалын айтып берди. Видео

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүПервомайский митинг ЛДПР
Первомайский митинг ЛДПР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавируска каршы дүйнөдөгү алгачкы вакцинаны Россиядагы Гамалея атындагы илимий борбордун адистери иштеп чыккан. Учурда препарат сыноонун үчүнчү этабынан өтүп жатат.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. ЛДПР лидери Владимир Жириновский коронавируска каршы вакцина алды. Бул тууралуу саясатчы өзүнүн Telegram-каналына жазды.

"Вектор V" вакцинасынан кийин өзүмдү эң сонун сезип жатам. Экинчи этабын сентябрдын жыйырмаларында сайышат. Препаратты сыноонун үчүнчү этабы аяктаганда массалык түрдө эмдөө башталат деп жатышат. Мен дал ушул үчүнчү этаптын алкагында вакцина алдым", — деди Жириновский.

Эске салсак, коронавируска каршы дүйнөдөгү алгачкы вакцинаны РФтеги Гамалея атындагы илимий борбордун адистери иштеп чыккан. Учурда препарат сыноонун үчүнчү этабынан өтүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0