17:56 20 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD81.2050
  • EUR95.6676
  • RUB1.0441
Россия
Кыскача шилтеме алуу
322 0 0

Кадыров кызы жетектеген мода үйүнүн коллекциялары көптөгөн өлкөдө бааланып, чечендердин каада-салтын дүйнөгө таанытканын белгилеген.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун кызы Айшат Кадырова маданият министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Республиканын башчысы өзү Telegram-каналына жазды.

Кадыров кызы өтө оор долбоорлорго жетекчилик кылууда тажрыйбасы бар экенин айткан. Ал Айшат жетектеген мода үйүнүн коллекциялары көптөгөн өлкөдө бааланып, чечендердин каада-салтын бүт дүйнөгө таанытканын белгилеген.

Атам колунан келгенин кылып жатат. Мирзиёевдин кызы элине кайрылды

Ошондой эле республиканын башчысы Айшат Кадырова Чеченстандагы филармониянын өнүгүшүнө салым кошконун, ушул жылдын март айында "Чечен Республикасынын алдындагы эмгеги" медалы менен сыйланганын эске сала кетти.

"Өзгөчө соңку убакта Айшат аябай берилүү менен маданият тармагын изилдеп жатат. Жигердүү иш алып барып, бул багытта белгилүү жана алдыңкы адистер менен байланыш түздү", — деп жазган Кадыров.

Айшат Кадырованы кызматка дайындоо чечими Чеченстандын маданият министри Хож-Бауди Дааевдин демилгеси менен кабыл алынганы айтылды.

Тема боюнча

Чыккан кыз чийден тышкары. Жээнбеков талкууга түшкөн кыз-күйөөсү тууралуу айтты
Рахмондун 33 жаштагы уулу тажик бийлигиндеги экинчи адам болуп калды
Белгилер:
маданият, дайындоо, кызмат, Чеченстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ