Россия: чет элдик студенттердин окуганга киришине уруксат берилиши мүмкүн

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүАэропорттогу жүргүнчү. Архив
Аэропорттогу жүргүнчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттын студенттер боюнча берген кайрылуусу учурда РФтин Билим берүү жана илим министрлигинде каралып жатат.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Чет элдик студенттердин Россияга келип, салттык форматта окушуна уруксат берилиши мүмкүн.

РФ Мамлекеттик Думасынын билим берүү жана илим боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Максим Зайцев башка өлкөнүн жарандарын окуу жайга келип билим алуусуна уруксат берүүнү сурап билим берүү жана илим министри Валерий Фальковго кайрылган.

Зайцев Sputnik агенттигине чет элдик студенттерди Россиянын аймагына киргизүү өтүнүчү менен жиберген кайрылуусу каралып жатканын айтты.

"Биз бул тема боюнча өкмөт менен сүйлөштүк, учурда маселе кызуу каралып жатат. Жакынкы күндөрү бардык чет элдик студенттерге Россиянын ЖОЖдоруна келип окуу мүмкүнчүлүгү жаралат деп ойлойм. Мындай иштер өкмөттө ыкчам каралат, 2-3-сентябрга чейин жооп берип калышса керек", — деди депутат.

Элчилик тизме түзбөйт. Россиядагы мекендештер Кыргызстанга өз алдынча келе алат

РФтин Билим берүү жана илим министрлиги бул демилге боюнча комментарий берүүдөн карманып, өкмөттүн буйругун күтүп жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, коронавирустун жайылышына байланыштуу март айынын аягында Россия чет элдик жарандарды кабыл алууну токтоткон. Ал эми июлда айрым категориядагы жарандардын келишине жол ачкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0