Путин: Беларуста россиялык күчтөрдү колдонуу зарылдыгы азырынча жок

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин выступил с приветствием участникам и гостям форума "Армия - 2020" и Армейских международных игр - 2020
Президент РФ В. Путин выступил с приветствием участникам и гостям форума Армия - 2020 и Армейских международных игр - 2020 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Путин Беларустагы окуяларга европалыктар же америкалыктарга салыштырмалуу Москва ортодо туруп реакция кылып жаткандыгын кошумчалады.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин ВГТРК каналына маек берип жатып Беларуста россиялык күчтөрдү колдонуу зарылдыгы азырынча жок деп билдирди. Бул боюнча РИА Новости жазды.

Президент бул пикир менен Минск да макул экендигин айткан.

Россия лидеринин ою боюнча, республикада абал "түзөлүп бара жатат", ал эми күч түзүмдөрү "өздөрүн токтоо кармап турушат". Муну менен кошо эле ал Москва болуп жаткан окуяларга европалыктар же америкалыктарга салыштырмалуу ортодо туруп реакция кылып жаткандыгын кошумчалады.

"Александр Григорьевич (Лукашенко — ред.) мени тартип коргоо органдарынан турган резервди топтоп берүүнү өтүндү. Аны жасап койдум. Бирок биз абал көзөмөлдөн чыгып кетмейин аны колдонбой турууну сүйлөштүк", — деп айтып берди мамлекет башчы.

Муну менен катар эле Москва беларустардын көйгөйү тынчтык жолу менен чечилет деп үмүт кылып тургандыгын айтты.

Эске салсак, 9-августта Беларуста президенттик шайлоо өткөн. БШКнын эсеби боюнча, өлкөнүн учурдагы башчысы Александр Лукашенко добуштардын 80,1 пайызына ээ болсо, экинчи орунду 10,12 пайыз менен Светлана Тихановская ээлеген. Ал эми оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, Тихановская Литвага чыгып кеткен.

Беларусь: Тихановская жумушчуларды митингди улантууга чакырды

Республикада башталган каршылык акциялары күч түзүмдөрү тарабынан басылып келген. Алгач нааразы болгондорго каршы көздөн жаш агызуучу газ, кулак тундурган граната жана желим октор пайдаланылган.

ИИМдин маалыматына караганда, нааразылыктар учурунда 6,7 миң адам кармалган. Жүздөгөн адамдар жаракат алса, анын 120га чукулу тартип коргоо органдарынын кызматкерлери эле. Бул саясий окуяда үч адамдын көз жумганы да кабарланган.

Өткөн аптада эл митингге бүтүндөй эмгек жамааттары менен чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0