COVID: россиялык вакцинанын нускамасы жарыяланды

© Фото / РФПИ и Центр имени Гамалеи / Медиабанкка өтүүРоссиядагы Гамалея атындагы илимий-изилдөө борборунда жасалган коронавируска каршы "Гам-КОВИД-Вак" вакцинасыны
Россиядагы Гамалея атындагы илимий-изилдөө борборунда жасалган коронавируска каршы Гам-КОВИД-Вак вакцинасыны - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дары жакпай калган учурда адам чыйрыгып, дене табы көтөрүлүп, башы ооруп, алсырашы мүмкүн. Айрым учурда жүрөк айланып, тамакка табит жоголот. Кээде без шишип кетет.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Россиядагы Гамалея атындагы илимий-изилдөө борборунда жасалган коронавируска каршы "Гам-КОВИД-Вак" ("Спутник V" соода маркасы) вакцинасынын медициналык инструкциясы жарыяланды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, вакцина аларда дарыгер адамдын дене табын өлчөп, карап чыгышы керек. Ал эми эмдөөдөн кийин киши жарым саат медиктердин көзөмөлүндө болот.

Эмдөө кош бойлуу жана бала эмизген келиндерге сайылбайт. Ошондой эле вакцинанын курамындагы заттарга аллергиясы бар адамдар дагы аны ала албайт.

Гриппке каршы эмдөө жүрөт: вакцина кайдан келип, кимге сайылат. 11 суроого жооп

Курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекцияларга (КРВИ) кабылган кишилер сакайгандан кийин 2-4 аптадан соң вакцина алса болот. Ал эми КРВИ же сасык тумоонун жеңил формасы менен ооругандарга дене табы калыбына келери менен эмдөө жүргүзүлө берет.

Вакцинаны кайсы учурда өзгөчө кылдаттык менен пайдалануу керек:

  • боор жана бөйрөктүн өнөкөт оорулары;
  • кант диабети;
  • борбордук нерв системасынын эпилепсия, инсульт сыяктуу оорулары;
  • жүрөк-кан тамыр оорулары;
  • алгачкы жана экинчи иммундук тартыштык;
  • аутоиммундук оорулар;
  • өпкө оорулары, астма, аллергия, экзема, метаболизм синдрому.

Дары жакпай калган учурда адам чыйрыгып, дене табы көтөрүлүп, башы ооруп, алсырашы мүмкүн. Айрым учурда жүрөк айланып, тамакка табит жоголот. Кээде без шишип кетет.

COVID-19га каршы эмдөө: жаңы россиялык вакцина тууралуу кеңири кеп

Препарат булчуңга эки этап менен сайылат. Биринчиси сайылган соң үч апта күтүү керек. Адистер мындай жол менен анын таасири эки жылга чейин сакталарын айтууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0