Ингушетиядагы операцияда КРде легионер-спортчу болгон Евлоев жок кылынды

© Sputnik / Табылды КадырбековЭркин күрөштүн балбаны Муслим Евлоев. Архив
Эркин күрөштүн балбаны Муслим Евлоев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Евлоев 2015-жылы легионер катары Кыргызстандын улуттук курама командасына кошулган. Бирок соңку жылдары турнирге катышкан эмес, себеби ал допинг эрежелерин бузганы айтылат.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Ингушетияда күч түзүмдөрү жардырууга даярданып жаткан эки кишини жок кылып, дагы бирөөсүн кармаганын РИА Новости Улуттук антитеррор комитетине шилтеме берип жазды.

Агенттикке ишенимдүү адамдын билдиришинче, каза болгондордун бири эркин күрөштүн балбаны Муслим Евлоев. Ал буга чейин Кыргызстандын курама командасына кошулуп, 2018-жылы Азия чемпионатында 74 килограмм салмактагылар арасында чемпион болгон.

Самбо боюнча спорт чебери Бекзат Жаныбеков бычакталды. Окуянын чоо-жайы

Операция болор күнү республиканын укук коргоо органдары согушкерлер Назрань менен Малгобек районундагы Сагопши айылындагы үйдө жашынып жатканын аныкташып, аларды куралын таштап, багынып берүүсүн айтышкан.

"Бирок алар укук коргоо органдарына карата ок чыгаргандыктан, атышуу учурунда эки согушкер жок кылынып, бирөө колго түштү", — деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерден курал-жарак, ок жана жарыла турчу каражаттарды табышкан. Күз түзүмдөрү менен жай тургундардын арасынан эч ким жабыркаган эмес.

Евлоев 25 жашта болчу. Легионер катары Кыргызстандын улуттук курама командасына 2015-жылы кошулган. Ал Бакудагы Ислам тилектештик оюндарында жана "Яшор Догу" эл аралык турниринде жеңүүчү аталган. Андан кийин 2017-жылы Индиядагы Азия чемпионатында күмүш медаль, 2018-жылы Бишкектеги Азия биринчилигинде алтын байгеге татыган. Айрым маалыматтар боюнча анын организминен тыюу салынган зат табылганына байланыштуу соңку жылдары турнирлерден четтетилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0