Россияда коронавируска каршы дары патенттелди. Өзгөчөлүгү

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүФармацевттик компаниянын иши. Архив
Фармацевттик компаниянын иши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы дары коронавирустун кесепеттеринен айланып өтүүгө же ооруну жеңилдетүүгө жардам берет. Ошондой эле иммундук жоопту кайтарууга активдүү катышат.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Россиянын Федералдык медициналык-биологиялык агенттиги ата мекендик "Лейтрагин" дарысын патенттегенин РИА Новости жазды.

Аталган препарат коронавирустун кесепеттеринен айланып өтүүгө же ооруну жеңилдетүүгө жардам берет. Ошондой эле ткандардын айыгышын жана калыбына келишин шарттап, иммундук жоопту кайтарууга активдүү катышат.

Кардиолог COVID-19дан айыккандан кийин иче турган витаминдерди атады

"Бул дүйнө жүзүндө практикалык медицинага алгачкы жолу чыккан дельта-опиоиддердин рецепторлорунун агонисти", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Россия COVID-19га каршы "Авифавир", "Арепливир" жана "Коронавир" деп аталган дарыларын иштеп чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0