Гамалея борборунда COVID-19га каршы балдар вакцинасын сыноо боюнча айтып беришти

© AFP / Daniel MIHAILESCUДарыгер вакцинаны даярдап турат. Архив
Дарыгер вакцинаны даярдап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин айтымында, тест кылуу кышында башталат. Себеби вакциналарды чоңдорго сыноонун үчүнчү фазасына беш айга чукул убакыт кетет. Ага 2000ге жакын пациент катышмакчы.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Гамалея атындагы Улуттук изилдөө борбору келерки жылдын январь-феврал айларында COVID-19га каршы балдарга сая турган вакциналарды изилдеп баштайт. Бул туурасында РИА Новостиге аталган борбордун жетекчиси Александр Гинцбург айтып берген.

"Учурда документтердин топтомун иштеп чыга баштадык. Себеби институт эч качан балдарга сыноо жасап көргөн эмес. Педиатрлар бул өзгөчөлүктү жакшы билет жана алар менен биргеликте документтерди жазып жатабыз. Балдарга сыноого боло тургандай кылып даярдап, аны Саламаттык сактоо министрлигине беребиз. Бирок булар чоң кишилерге жасалган илимий изилдөө иштери аягына чыккандан кийин болот", — деген Гинцбург.

Анын айтымында, тест кылуу кышында башталат. Себеби вакциналардын чоңдорго сыноонун үчүнчү фазасына беш айга чукул убакыт кетет. Ага 2000ге жакын пациент катышмакчы.

Россия COVID-19га каршы вакцинаны ноябрда өндүрө баштайт

Коронавируска каршы россиялык вакциналарды сыноо

Буга чейин Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко Гамалея борбору тарабынан иштелип чыккан коронавирустук инфекцияга каршы вакцинанын клиникалык сыноолору аяктаганын айткан.

Ал бийлик массалык эмдөөнү октябрда баштоого камданып жаткандыгын, алгач өзгөчө топтордун өкүлдөрүнө - мугалимдер менен дарыгерлерге жасаларын кабарлаган.

Россияда COVID-19га каршы вакцина алгандар ооруканадан чыкты. Видео

Адистер Коргоо министрлиги менен биргеликте препарат иштеп чыкты. Июлдун аягында аскердик госпиталдан вакцина алып, бир нече күн жаткан 20 ыктыярчы үйүнө чыкты. Алардын ар биринде иммунитет пайда болгондугу, башка эч кандай ооруларды жаратпагандыгы айтылды.

Мындан сырткары, вакциналарга клиникалык сыноолорду "Вектор" деп аталган борбор да жүргүзүп, препаратты ноябрдан тарта өндүрө баштаары кабарланган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0