Октябрдан баштап россиялыктар жапырт коронавируска эмделе баштайт

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүИлимий лабораториянын кызматкери иш учурунда. Архив
Илимий лабораториянын кызматкери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавируска каршы россиялык вакцинаны сыноо үчүн сайдыргандар үйүнө чыгып, эксперимент аяктаган. Препаратты кишилерге сыноо июнь айында башталган.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Октябрь айынан тарта Россияда коронавируска каршы массалык эмдөө башталышы күтүлүүдө. Бул тууралуу Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко кабарлаганын РИА Новости жазды.

"Акырындык менен жардам берүүнүн жаңы системасын ишке ашыра баштайбыз. Элди коронавируска каршы массалык түрдө эмдөө октябрь айынан тарта башталышы күтүлүүдө", — деген Мурашко.

Тараза ташында адамзат өмүрү. COVID-19га каршы вакцина чыгаруу жарышына чыккандар

Эске салсак, Россия коронавируска каршы вакцинаны сынап бүткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0