Россиянын топ жарышы. Аскердик роботтор адам менен "тил табышат"

© Sputnik / Иван Сураев"Маркер" жаңы аскердик робот. Архив
Маркер жаңы аскердик робот. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Роботтоштурулган соңку тутумдар деңизден келген коркунучтардан маанилүү жана экономикалык объектилерин майнаптуу коргой аларын көрсөттү.

РФтин Коргоо министрлиги аскердик багыттын ар кыл чөйрөдө: суу түбүндө, жерде, аба жана космосто пайдаланууга багытталган роботтоштурулган системаларды сынап, куралданууга алууда. Россия жогорку технологиялык курал-жарак жаатындагы атаандаштарынан алда канча алдыга озду. Мындай пикирин аскерий баяндамачы Александр Хроленко ортого салды.

Россиянын полигондорундагы машыгуулар жайкы окуулар убагында болушунча ыкчам ыргак менен илгерилөөдө. Быйылкы июнь жана июль технологиялык секириги, күчтөргө куралдануунун жаңы, роботтоштурулган тутумун активдүү киргизилиши менен да бүйүр кызытат.

"Искандерлер" РФтин деңиз чегин коргомокчу. Себеби эмнеде?

20-26-июль аралыгында НАТОнун аскердик-деңиз күчтөрүнүн Кара деңизде өткөн Sea Breeze – 2020 окуулары өтүп жаткан маалда суу алдындагы мониторинг аскердик системасы үчүн суу алдындагы россиялык эксперименталдык роботтору жана гидроакустикалык аппаратуралары сыналды.

Роботтоштурулган соңку тутумдар деңизден келген коркунучтардан маанилүү жана экономикалык объектилерин майнаптуу коргой аларын көрсөттү.

Россиянын Коргоо министрлигинде 21-июлда "Уран-6" минаны залалсыздандыруучу роботторун куралдуу күчтөргө тапшыруу жөнүндө чечим кабыл алынган. Минаны залалсыздандыруучу көп функциялуу роботтуу-техникалык комплекс миналуу тосмолордо жол ачуу жана бир далай территорияларды минадан арылтууга багытталган.

F-35ти модернизациялоо. АКШнын доо кеткен беделин бийиктетүү аракети

Мурда бул комплекс Сирияда сыналган. "Сириялык сапарынан" кийин "Уран-6" аскердик тажрыйбасын эске алуу менен заманбапташтырылган.

Оор чынжырлуу платформадагы Т-14 "Армата" танкы бул айдын башында учкучсуз режимде текшерүүдөн өткөн. Мындай тескөөгө ачык санарип архитектурасы мүмкүндүк берет.

Борбордук аскердик округдун күчтөрү 29-июнда Чебаркуль полигонунда "Маркер" жаңы аскердик роботун пайдалануу менен машыгуу өткөргөн. Ал коюлган тапшырмаларды ийгиликтүү аткара алган. Комплекс келечекте согуштук аракеттерди жүргүзүүнүн моделдерин түзүү үчүн конструктор сымал белгиленет. Жер үстүндөгү роботторду, учкучсуз авиация, спецназдын негизги интеграциясынын негизи болот.

РФтин Коргоо министрлигинин адистери роботту автономдук режимде – командир-оператордон жүздөгөн жана миңдеген чакырым аралыктан согуштук аракеттерди жүргүзүүнү үйрөтүүгө ниеткер. "Маркердин" пайдалуу жүгү катары бул атуучу куралдардын ар кыл айкалышын, гранатомет, учкучсуз учуучу аппараттарды кыймылга келтирүүчү кассеталарды жана абадан патрулдоочу курал-жарактарды ташый алат. "Маркер" роботтоштурулган платформасынын иштелип чыгышы жана сыналышы 2021-жылы аяктайт. Россиянын Коргоо министрлигинин жаңы роботтоштурулган комплекстеринин айрымдары менен жакындан таанышып чыгалы.

Бута талаасына айланган Sea Breeze

Кара деңизде россиялык аскердик адистер түрдүү ортолукка ылайыкталган робот-техникалык комплекстерди сынашты. Булар душмандын объектилерин аныктоого багытталган. Ошону менен катар РФтин Коргоо министрлиги Кара деңиздин түндүк-батыш бөлүгүндө аскердик-техникалык эксперименттин маңызы тууралуу кенен-кесир айтып беришти. Ага катар эле ушул жерде НАТОнун аскердик-деңиз күчтөрүнүн Sea Breeze-2020 машыгуулары өткөн.

Россиялык автономдук, суу алдындагы киши отурбаган аппараттары ("Аврора" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин концернинин өндүрүмү) болжолдуу душмандын ири объектилерин жана аз габариттүү робот-техникалык комплекстерин таап жана аныктоого тийиш болчу. Аппараттардын бири каптал жактан көз салуу гидролокаторун жана көп нурлуу эхолотту пайдаланган, экинчиси аныкталган бутадагы объектилерин көзөмөлдөгөн.

Кургакта да, сууда да… Россиялык флот Бе-200 амфибиялык учагына ээ болду

Россиялык комплекстер "кезиккен жерден" бутанын мүнөздөмөлөрүн жана координаттарын, фото жана видеолорун жөнөтө алары анык. АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн 6-флотунун командачысы Жин Блэктин айтымында, окууларда абадан жана суудан коргонуу боюнча машыгууларды, тыюу салуу операцияларын (согуштук аракеттер аймагына бараткан жолдо душмандын күчтөрүн ооздуктоо же жок кылуу) камтылган.

Ушул сценарий менен НАТОнун аскердик бирдиктери Крымдын бейтарап сууларында Россиянын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн роботтоштурулган комплекстери үчүн бир нече сутка "бута талаасындай" болуп турду. Эки адис жабдылбаган жээктен потенциалдуу душмандын каражаттарынын көзүнө дээрлик чалдыкпас чакан аппаратарын жөнөтүүгө толук кудурети жетмек.

2017-жылдан тарта Кара деңиздеги негизги эксперименталдык аянтча – роботтоштурулган "Виктор Чероков" судносу. Суу алдындагы россиялык роботтоштурулган тутумдардын суу үстүндөгү ушундай системалары, абадагы, жээктеги чалгындоочу жана сокку уруучу комплекстери менен өз ара аракеттешүүсүнүн олуттуу дарамети байкалып, майданда пайдаланууда белгилүү бир тажрыйба топтолду деп болжойм. Бул маалымат РФтин аймактагы стратегиялык объектилериин коргоо даражасын жаңыча баалоого мүмкүндүк берет.

"Уран-6" күчтөрдүн күчүн бекемдейт

РФ Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2020-жылы 20дан ашуун "Уран-6" минаны залалсыздандыруучу роботтоштурулган көп функционалдуу комплекси менен айрым инженердик-сапердук полк жана бригадалар куралданат.

Соңку үлгүдөгү техниканын биринчи партиясын 10-июлда Батыш аскердик округунун 20-гвардиялык армиясынын сапердук полку алган. Андан тышкары, көп функционалдуу робот-техникалык комплексинин операторлорун даярдоо РФтин Куралдуу күчтөрүнүн Подмосковьедеги Эл аралык минага каршы борборунун полигонунда уюштурулган.

Жетишерлик ынанымдуу даражасы бар, аралыктан башкаруу режиминдеги (оператордон бир чакырымга чейинки аралыктан) "Уран-6" комплекси жердеги миналарды толук залалсыздандырууну камсыздап, жөө аскерлерге каршы мина талааларында өтүүгө жол салат. Башкача айтканда, өмүргө чоң тобокел зоналарда аскерлердин түздөн-түз аралашпоосуна шарт түзүп, инженердик бөлүктөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн бир топ кеңейтет.

Абадагы алгыр учак! "МиГ-31дин" өзгөчөлүктөрү

Тапшырмаларына жараша машинага тралдардын түрлөрүнүн бири орнотулат. Аскердик робот-сапердун салмагы 6 тонна чамасында, ташуу үчүн платформасы менен кошо берилет ("мультилифт" системасы бар жана тралдар алмаштырылуучу аянтчасы бар КамАЗ). "Уран-6" 3-4 мүнөт ичинде платформадан түшүп же кайрадан ага чыга алат.

"Уран-6" Сириядагы Пальмира, Алеппо жана Дейр-эз-Зор шаарларын минадан арылтуудагы согуш шарттарында сыналып, ошондон кийин жаңы функцияларга ээ болгон. Келечегинде саперлордун аракеттери мина талаасын, жерлерди, көпүрө жана фортификациялык курулмалар куруу менен чектелбейт. Роботтоштурулган комплекстеринен улам инженердик-сапердук полктору бекемделген объектилерге чабуулга катышып, жашыруун мина коюуга катыша алышат.

Ар бир жалпы күчтөрдө же танктык армиясынын курамында инженердик-сапердук полк, ал эми аскердик округда инженердик бригада бар. Маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматтарга таянсак, аларда сапер-чабуулчулардын роталары жана батальондору түзүлүүдө, "Уран" аларга жардамга келет.

Келечектен келген "мейман"

Россиянын Коргоо министрлиги үчүн жасалып жаткан "Маркер" платформасы аскердик робот-техникалык тармакта кыйла кызыктуу долбоор экени талашсыз. "Маркердин" жасалма интеллекти ага өз алдынча чечим кабыл алууга, башкача айтканда, маршрутту, согуштук аракеттердин маалын, ок-дарынын чыгымдалышын жана тигил же бул тапшырмаларды аткаруу үчүн башка параметрлерин автономдуу, машиналар тобунун, бөлүктүн (кишилер менен) курамында эсептөөгө жол берет. Анын үстүнө автономдуулугу жүздөгөн жана миңдеген чакырымдагы командалык борбордон башкаруу, таамай атчу куралы жана бутаны так аныктай алчу функциясын боолголойт.

Россиянын жаңы флоту: бир күндө дароо алты кеменин курулушу башталат

"Маркер" робот-техникалык платформасы таамай атуучу жабдууга ээ болду. Мурда аскердик робот Борбордук аскердик округдагы окууларга катышкан. Ошентсе да долбоордун аякташына дагы бир топ бар.

Аны жасап жаткан Келечектүү изилдөөлөр фонду жана "Андроиддик техника" илимий-өндүрүштүк бирикмеси машинаны реалдуу согуштук аракеттерде текшерүүгө азырынча батынбайт. Бир түргө келтирилген платформада жердеги робот-техникасынын бүтүндөй топтомунун негизги технологиялары (техникалык кароо, байланыш, навигация, автономдук кыймылы жана колдонулушу, үн менен тескөө) үч баскычта иштелип чыгат.

Келерки жылдын июнь айына карата мыкты артыкчылыктарды жана функцияларды камтый турган беш машиналык (эки дөңгөлөктүү жана үч чынжырлуу) серия чыгаруу пландалган. Платформа модулдук принцип менен иштелип чыгып, бул пайдалуу жүгүн ыкчам өзгөртүүгө (кошумчалоого), системаны заманбапташтырууга мүмкүндүк берет.

Пайдалуу жүк катарында бири-биринен көз карандысыз аракеттене алган бир нече курал-жарак комплексин орнотууга болот. Анткен менен учкучсуз учуучу аппараттардын модулу автономдук режимде учкучсуз аппараттардын бүтүндөй тобун ишке киргизет. Алардын ар бири милдетин топ курамында же жеке аткарат.

Мүмкүн жакында россиялык робот кадимки аскерлердей эле үндү ажырата буйруктарды аткарууга үйрөнүп калар. Сыноо маалында ушундай максат коюлду. Россиянын бул жааттагы ийгиликтери Батышка тынч уйку бербегендей. Ага далил – америкалык Forbes журналында жарыяланган "Дүрбөлөңгө түшмөй жок, бирок Россия роботтоштурулган танктарын адам тилин түшүнүүгө үйрөтүүдө" деген макаласы.

"Армата" экспортко чыгат: россиялык жаңы Т-14 танкын биринчи ким алат?

РФ Коргоо министрлигинин роботтору аба жана космостук мейкиндикти ийгиликтүү өздөштүрүп келет. Ошентсе да кургактагы "Маркер" анын азыркы дарамети менен куралдуу күчтөрдүн катарына сыноо жана эксперименттер үчүн гана алынат. Бул – куралдануунун принципиалдуу жаңы системасын жана "көп домендүү салгылаш" тактикасын убадалоочу "келечектен келген мейман".

Бул робот – болочоктогу армиянын авангарды, бирок бүгүн да анын дүйнөдө теңдеши жок. Пехоталык бөлүмдөр үчүн (Boston Dynamics роботунан BigDog роботуна чейин "кадам таштаган") аскердик автономдук платформа жаратуу боюнча Пентагондун аракетинен майнап чыкпады. Америкалык робот кадыресе чечимдерди да өз алдынча кабыл алууга же берилген буйруктарды түшүнүүгө үйрөтүлө элек, ал эми согуштук тартипте же шарттарда дайым анын адам тарабынан пульт менен башкарылышы максатты актабайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0