РФте айдоочуларга медициналык маалым кат жыл аягына чейин эски эреже менен берилет

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүАлкотестер. Архив
Алкотестер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы эрежелер айдоочулар арасында ажиотаж жараткан. Мындан улдам бийлик жарандардын пикирин эске алуу менен маселени кайрадан карап жатат.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Россияда айдоочулук күбөлүк алуу жана мөөнөтүн узартуу үчүн медициналык маалым кат алуунун жаңы жол-жобосу ушул жылдын аягына чейин иштелип чыгат. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине саламаттык сактоо министринин орун басары Олег Салагай билдирди.

Эске салсак, медициналык маалым кат алуунун жаңы эрежелери 2020-жылдын 1-июлунан тарта иштей баштамак. Ага ылайык, анализ тапшырган адамдан наркологдор алкоголдук ичимдиктин же баңгизаттын белгилерин аныктаса, кошумча анализ тапшырууга милдеттендирип, канын же заарасын лабораториялык изилдөөдөн өткөрмөк.

Салагайдын айтымында, бул өзгөртүү айдоочулар арасында ажиотаж жаратты.

Россияда төрт жылдан кийин айдоочусу жок таксилер ишке кириши күтүлүүдө

"Бир четинен анализ тапшыруу үчүн айдоочулар кошумча чыгым болушат, экинчи жагынан наркологиялык жана психоневрологиялык диспансерлерде анализ тапшыруу үчүн кезек күткөндөрдүн саны кескин көбөйүп кетет экен. Ошондуктан маселе жарандардын пикирин эске алуу менен кайрадан каралып жатат", — деди Салагай.

Андыктан маалым кат алуунун мурдагы эрежелери 2021-жылга чейин сакталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0