"Искандерлер" РФтин деңиз чегин коргомокчу. Себеби эмнеде?

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүМеждународный военно-технический форум "Армия-2016". День третий
Международный военно-технический форум Армия-2016. День третий - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кургактагы жана деңиз чек араларын "Искандер-М" ракеталык комплекстери аркылуу калкалоо менен Россия улуттук жана эл аралык коопсуздугун чыңдоодо.

Стратегия түшүнүктүү: потенциалдуу агрессорлор үчүн бул түзүлүштөр жана болжолдуу зыяндар канчалык көп болсо, Европа жана Азияда тынчтык ошончолук бекем болорун боолголойт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.

"Известия" гезитинин РФтин Коргоо министрлигиндеги булагынын маалыматына таянсак, "Искандер-М" оперативдик-тактикалык ракеталык комплекстери (ОТРК) душмандын деңиз десанттарына жана кемелерине сокку уруу үчүн колдонулат.

Кургактагы күчтөрдүн ракеталык бригадалары деңиз кармашынын тактикаларын өздөштүрө башташкан, технологиялык жактан комплекс душмандын десантынын мизин кайтарууга даяр. "Искандер-М" оперативдик-тактикалык ракеталык комплекси ыраактыгы жана бутасын таамай кыйрата билгени боюнча мыкты мүнөздөмөлөргө ээ, дүйнөдө теңдеши жок.

F-35ти модернизациялоо. АКШнын доо кеткен беделин бийиктетүү аракети

20-июлда РФ Куралдуу күчтөрүнүн Түштүк аскердик округунун ракеталык байланышын күтүүсүздөн текшерүүнүн жүрүшүндө "Искандерлердин" деңизде огу атылды.

ОТРК "душмандын" деңиздеги десантынын Кара деңиз жээгин басып алышын алдын алып, десанттык кемелерден жээкке түшүрүлүп жатканда аскердик техникалык тобун шарттуу түрдө жок кылды.

Жээктеги коргонуунун тереңиндеги күчтөрдү башкарууну автоматташтырылган тутумунун интеграциясында "Искандер-М" реалдуу убакыт режиминде авиациядан, флоттон, чалгын кызматынан, учкучсуз аппараттардан бута көрсөткүчтөрүн алып, деңиздеги кыймылдуу буталарына сокку урууга (душмандын кемесинин курс жана ылдамдыгын түзөтүү эсеби менен) жөндөмдүү.

"Искандер-М" оперативдик-тактикалык ракеталык комплексинин ракеталары азыркы жана келечектеги Ракетага каршы коргонуу тутумдарынын кылтагына илинбейт. 4 мүнөттө 500 чакырым жол басат, ошону менен катар 9М728 же Р-500 жардыргыч бөлүгү бутадан бир метрден ашуун четтейт.

Артиллеристтердин кыялы. Талаа-түздө сыналган "Тюльпан" миномёттору

"Бал" жана "Бастион" өңдүү жээктеги ракеталык комплекстер (деңизге чейин 260 жана 350 чакырым ыраактыкта) менен аскердик шериктештикте кубаттуулугу арткан "Искандер" эшелондоштурулган коргонууну бекемдөөгө жана россиялык деңиз чек араларын чындап жеңилгис кылууга жөндөмдүү.

Мурда РФ Коргоо министрлигинен "Искандер-М" ракеталык комплекси менен бардык он ракеталык бригаданы куралдандырып, дагы үчөө түзүлө тургандыгын маалымдашкан.

Россиялык коргонуу өнөр жайы жыл сайын эки бригадалык комплектиден чыгарат. Ага катар эле "Искандерлерди" аскердик натыйжалуулугун арттырууга багытталган заманбапташтыруу жүрүүдө.

Кемелерге карай буруп...

Россиялык жээкти коргоого адатта Балтия, Түндүк, Тынч океан, Кара деңиз флотторунун жана Каспий флотилиясынын аскердик кемелери, деңиз авивациясы жана жээктеги күчтөрү жооп берет. Ошону менен бирге "Бал" жана "Бастион" мобилдик ракетага каршы ракеталык комплекстери маанилүү роль ойнойт.

Мезгил өткөн сайын жээктеги аскердик тартиптер "ныкташууда". 2019-жылы Балтия флоту десантка каршы багытталган танкалык полкуна ээ болгон, ал эми Кара деңиз флоту Крымда Аба-десанттык күчтөрүнүн үчүнчү полку менен күчтөнүүдө.

РФте 150 миң аскер катышкан машыгуу өтүүдө. Сентябрга даярдык

Жээктеги коргонууга "Искандер-М" комплекстери менен куралданган ракеталык бригадаларды (Кургактагы күчтөрдү) өзгөчө нукта тартуу деңиз театрында сокку уруучу потенциалдуу таамай куралды ыкчам көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Аны түзүүчүлөрдүн маалыматына караганда, россиялык ракеталык бригаданын толук топтому 51 машинадан, анын ичинде 12 кыймылга келтирүүчү түзүлүш, 12 транспорттук-кубаттандыргыч, 11 командалык-штабдык жана ичи жашоого ыңгайлаштырылган 14 машинадан турат. Башкача айтканда, бригада эки мүнөт ичинде 24 ракета менен (кайра заряддалганча) сокку ура алат. Күчтөндүрүлгөн бригаданын залпы – 32 ракета.

Деңизде "Искандерлер" канчалык көп бутаны кыйрата алса, жээкте россиялык аскерлер ошончолук азыраак согушат. Машакаты ашыкча эмес, себеби болжолдуу душмандын азыркы чабуул тактикасы деңиз десантынын ар кыл вариантын боолголойт (Балтия НАТОнун мындай окууларына айрыкча бай).

Жабдылбаган жээктеги десант жана десанттык кемелерден – тез жүрүүчү катерлер жана тик учактарга сокку уруучу кемелер жана авиациянын колдоосунда деңиз пехотасын горизонт чегинен тыш түшүрүүгө машыгышат.

500 чакырымга чейинки аралыктан "Искандердин" топтоштурулган соккусунан душмандын мындай операциясы башталбай жатып үзгүлтүккө учурайт. Мындан сырткары, ОТРКнын көзөмөлү россиялык деңиз пехотасынын огу менен ошончолук эффективдүү колдой алат. Машыгууларда "Искандер-М" комплекстерине катышуусу тегин жерден болбогону НАТОнун командачылыгын дайым кыжырдантып келет, анткени ага карама-каршы кое турган ракетасы жок. Мына, альянска жаңы – деңиздик жооп. Заманбапташтырылган "Искандер" комплекси жана деңиз буталарын талкалоого ылайыкташтырылган, ыраактыгы көбөйтүлгөн ракеталар ("Ростехтин" убадасы бар) НАТОнун Аскердик-деңиз күчтөрүнүн чагымчыл активдүүлүгүн алда канча төмөндөтүүгө жана РФ чек ара периметрлеринин эл аралык коопсуздугун кыйла бекемдөөгө мүмкүндүк берет.

Мында баса белгилеп кете турган нерсе, Россия эч кимге коркунуч келтирбейт, тек гана Батыштын кастыгына ассиметриялык жооп кайтарат. Балтия жана Кара деңиз аймактарындагы батыштык аскердик блоктун өрчүп бараткан сокку потенциалына акылга сыярлык реакция кылат. Эгер альянс россиялык чек араларга жакын ачык антироссиялык Ракетага каршы коргонуу позицияларын жана жаңы аскердик базаларын жайгаштырууну токтотсо, "Искандерлер" өзүнүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрүн полигондордо гана көрсөтөт.

Саатына 155 чакырым! Аэромобилдик "Стрела" сооттолгон унаасынын арышы

Мизи кайтарылгыс квазибаллистика

"Искандер-М" ОТРК 500 чакырымга чейинки аралыктан аз өлчөмдөгү жана аянттык буталарды (бир нече типтеги, анын ичинде термоөзөктүк жардыргыч учу бар) таамай кыйратууга багытталган. Бутаны мээлөө үчүн инерциялык навигациялык система жана ГЛОНАСС спутниктеринен сигнал пайдаланылат.

Финалдык тилкеде өзү мээлөөчү оптикалык башы активдешет, ал саналуу метрлерде тактыкты камсыздайт. Ракеталарды учушта кайра багыттоого болот, бул кыймылдагы буталарды, анын ичинде касташкан тараптын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн кемелерине кошо чабуулга алууга жол берет.

Комплекс эки типтеги ракеталарга ээлик кылат: аэробаллистикалык 9М723 – 50 чакырымга чейинки бийиктикте квазибаллистикалык траекториялар боюнча учат, же Р-500 – андан жапыздагы буталарга багытталат.

"Искандер" таамай ракеталары анча байкалбайт, учуштун татаал траекторияларына (газ-динамикалык жана аэродинамикалык руль менен башкарылат) ээ, Абадан коргонуу жана Ракетага каршы тутумдардын эч бирине кармалбайт.

Ракеталар учурулгандан кийин жана буталарга жакын 20-30g чейинки салмактагы жүк менен деле шар бурула алат. Ракетанын старттык массасы – 3,8 тонна, узундугу – 7,2 метр, ылдамдыгы – секундасына 2 чакырымдан өйдө, аракет ортосундагы интервал – бир мүнөт.

Абадагы алгыр учак! "МиГ-31дин" өзгөчөлүктөрү

"Жээктеги" кыйратуунун негизги объектилери – душмандын ракеталык комплекстери жана позициядагы залптык октун реактивдүү тутумдары, аэродромдордогу аскердик авиациясы, командалык пункттары жана байланыш, анын ичинде коргоого алынган түйүндөрү. "Искандер-М" ОТРКсы таамайлыгы, ракеталарды кое берүүгө даярдыгынын ыкчамдыгы жана бөлөк мүнөздөмөлөрү боюнча дүйнөдөгү мыкты делген аналогдорунан (Lance, ATACMS, Pluton) ашып түшөт.

Комплекстин негизги артыкчылыктары: стратегиялык мобилдүүлүк, аскердик купуя нөөмөт өтөө жана ракеталык сокку уруу мүмкүнчүлүгү, учуш тапшырмасынын автоматтык көзөмөлү жана киргизилиши, от жана радиоэлектрондук каршылык көрсөтүү шартында аскердик милдетти аткаруунун жогорку ыктымалдыгы.

Эске салсак, россиялык "Искандерлер" Сирия Араб Республикасынын аймагындагы согуштук аракеттерде ийгиликтүү сыналган. Салыштырсак, АКШда "Искандердин" аналогунан баш тартышкан. Анткени Raytheon компаниясы Пентагон үчүн жаңы жогорку технологиялык оперативдик-тактикалык ракеталык комплексин иштеп чыга алган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0