Россиянын окуу жайлары кыргызстандык студенттерге кандай жеңилдик берет

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүСтуденттер лекция учурунда. Архив
Студенттер лекция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын алдыңкы университеттеринде жаңы окуу жылында КМШдан келген абитуриент жана студенттерге кандай жеңилдиктер каралган? Булар туурасында Sputnik агенттигинин макаласынан окуңуздар.

Данара Курманова

РФтин Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, ушул тапта Россияда 297 миң четөлкөлүк студент билим алат. Россиялык университеттер тарабынан COVID-19 пандемиясы күч алып турган маалда сырттан келген студенттер кандай колдоого алынганы жана КМШдан быйыл окууга тапшыра турган абитуриенттерге кандай жеңилдиктер берилерин Sputnik тактап көрдү.

Кам көрүүгө далалат

Россияда обочолонуу режими киргизилген март айынан тарта бардык билим берүү мекемелери аралыктан иштөөгө өтүп, четөлкөлүк студенттерди колдоого багытталган чараларды көрүүгө аракеттенген. Бул жөнүндө Sputnik агенттигине Россотрудничествонун жетекчисинин орун басары Павел Шевцов айтып берди.

Махабат, жумуш жана дартты жеңүү: Россияда билим алган жаштардын "табылгасы"

"Албетте, белгилүү бир бирдиктүү акцияны иштеп чыгууга мүмкүн болбоду, анткени университеттер ого эле көп. Ал эми Россотрудничество алардын негиздөөчүсү эмес, — деп билдирет ал. — Бирок биз консультацияларды жүргүздүк, жардам көрсөтүүнүн жолдорун талкууладык".

Шевцовдун айтымында, көптөгөн россиялык жогорку окуу жайлар кризис да билим берүүнүн сапаттык көрсөткүчү экенин так билишет. Бул өз убагында университеттердин өздөрү үчүн да, студенттер үчүн да мүмкүнчүлүккө айланышы ыктымал.

"Четөлкөлүк студент Россиянын аймагында ага кам көрүлүп, сый мамиле көрсөтүлүп жатканын сезип турса, анын ыраазы болушу студенттердин кийинки толкунун тартат. Мекенге кайткан бүтүрүүчүлөр таасирлеринен жаш муун менен бөлүшөт, алар да Россияда билим алууга умтулушат. Бул өтө маанилүү. Алар бетме-бет отуруп сөзүн тыңдаган адамдардын пикирлерине карап багыт алышат", — деди Шевцов.

Өлкөнү силерге өткөрөбүз! Президент бүтүрүүчүлөргө алтын сертификат тапшырды

Каржы жагынан колдоо

Россотрудничествонун өкүлү билдиргендей, пандемия башталгандан бери россиялык окуу жайлар студент жана абитуриенттер үчүн жеңилдиктердин жекече системаларын даярдаган. Байланыш жана информатика Москва техникалык университетин (МТУСИ) мисалга келтирет. Бул окуу жай бюджеттик орундардын санын көбөйткөн. Ошондой эле бакалавриат жана адистик программалардын акысы 15-20 пайызга арзандатыларын да жарыялаган.

Ошондой эле МТУСИнин жакшы окуган студенттери – жергиликтүү болуп-болбогонуна карабай, жогорулатылган стипендия алары аталган окуу жайдын социалдык медиадагы расмий баракчаларында маалымдалат.

Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын жарандары Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университетинин бюджеттик бөлүмүнө кирүү сынактарына катыша алышат.

ЖРТдан эң жогорку балл алган Акмарал кайсы окуу жайга тапшырганын айтты

Ушундай эле стратегияны Россиянын дагы бир алдыңкы медициналык окуу жайы – Пирогов атындагы Россиялык улуттук изилдөө медициналык университети (РНИМУ) да тандап алды. Мындан сырткары, университет экзамендердин жыйынтыгына жараша акы төлөө негизинде билим алуучуларга да арзандатууларды караштырган.

Россия эл достугу университети да быйылкы окуу жылынын акысын жогорулатпай тургандыгын жар салды. Бул окуу жайда келишимдик негизде мыкты окуган студенттерге да 20 пайызга чейинки жеңилдиктерди берүү жагы каралган. Университеттин басма сөз кызматы студенттер өздөрүнүн тырышчаактыгы менен окууга төлөнгөн акыны өздөрү азайта аларын билүүгө тийиш экенин белгилейт.

Акыны былтыркы калыбында калтырууну Улуттук өзөктүк изилдөө университетинин Москва инженердик-физикалык институтунун (МИФИ) жетекчилиги да туура көргөн. Ал гана эмес, КМШдан тапшырган студенттер да РФ жарандары үчүн бекитилген өлчөмдөгү суммада төлөшөт. КМШдан тапшырган абитуриенттерге берилчү жеңилдиктер бул менен эле токтобойт. "Ушул тапта биз мындан кийин да арзандатуу маселесин караштыруудабыз", — деп маалымдайт университеттин басма сөз кызматы.

Министрлик: абитуриенттин документинин түп нускасы азыр керектелбейт

Бир катар окуу жайлардан айырмалана Москва мамлекеттик университети кошумча арзандатууларды караган жок. Анткени бул окуу жай КМШнын бир катар өлкөлөрүнөн келген абитуриенттерге да Россиянын жарандары менен бирдей тең укук берилет.

"Бул укукка Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Россияда жашап турууга уруксаты бар КМШ жарандары, чет өлкөдө туруктуу жашаган россиялыктар ээ, — деп белгилешет университеттин маалымат кызматындагылар. — Мындан сырткары, РФ жана Азербайжан өкмөттөрүнүн ортосунда маданий жана илимий кызматташтык жөнүндөгү келишим бар. Ал дагы бул университетте билим алууга мүмкүнчүлүк берет".

Үйдөгүдөй камкордук

Университеттердин обочолонуу режимине өткөндүгүнө байланыштуу КМШ өлкөлөрүнөн келген студенттердин көбү үйлөрүнө кайтууну туура көрүштү. Себеби окуу аралыктан улантылды. Окуу жайлар бул маселеде да каралашууну чечкен. Мисалы, Россия эл достугу университети пандемия маалында мекенине кайткан студенттерден жатакана акысын албады.

Ушундай эле саясатты Санкт-Петербург мамлекеттик университети (СПбГУ) да карманган. Россиялык мамлекеттик гуманитардык университети (РГГУ) жатаканада жашаган студенттери өздөрү жашабаган убактагы коммуналдык кызмат акыларын төлөбөй коюшса болот. МТУСИ бардык студенттерин апрель айындагы жатакана акысынан бошотконун расмий сайтында маалымдаган.

Адис региондордогу балдар ЖРТдан жогорку балл алып жатканынын себебин айтты

Университеттер жатаканада жашап калган студенттерине каралашты. Бауман атындагы МГТУ респираторлор менен жабдыды. Ал эми РУДН кампус аймагында студенттерин бет кап, мээлей жана антисептик менен күн сайын камсыздап турган. Ал тургай студенттерге мындай коргонуучу каражаттар топтомун күн сайын алууга шарт түзүлгөн. МИФИ жаңы окуу жылында россиялыктарга гана эмес, КМШдан келген студенттерге да жатакана берүүнү чечти. Акы алынат, бирок батир ижаралоого караганда арзан түшөт.

Билимди онлайн өркүндөтүү

Обочолонуу маалында көпчүлүк адамдар өз алдынча билим алууну чечишти. Ушундан улам Санкт-Петербург мамлекеттик университети (СПбГУ) 170 электрондук билим берүүчү программа түзүп, Россияда билим алган бардык студенттерге андан пайдаланууга мүмкүнчүлүк берди. Жалпысынан аларды 89 окуу жайдан 335 миң угуучу бүтүрдү. Бул кадамы менен аталган университет Россиядагы онлайн-курс тармагында алдыңкы сапка чыкты.

Болочок студенттерин колдоого бөлгөн каражат көлөмү жагынан алдыга Россия эл достугу университети чыкты. Ал 20 миллион рубль – магистратурада билим алууга четөлкөлүк студенттер үчүн 190 грант бөлдү. Программага КМШ өлкөлөрүнүн жарандары да катыша алат. Башкысы, 10-августка дейре университетке портфолиолорун жөнөтүүгө үлгүрүү керек.

Өлкөдө окуу жайларга онлайн кабыл алуу башталды. Артыкчылыктары

Эс алуу да унуткарылбайт

Окуу өз нугу менен, обочолонуу режиминде эс алууга да көңүл бурган оң деген ойдо Павел Шевцов. "Четөлкөлүктөр үчүн бул мезгил оңой эмес, жаңы жагдай, анан да бир жакка чыгууга уруксат жок. Ошондуктан биз университеттерге студенттер зерикпегидей ар кыл социалдык, маселен, маданий жана спорттук программаларды иштеп чыгууну сунуштадык", — дейт ал.

Жогорку окуу жайлардын социалдык медиадагы баракчаларына карап талдасак, Россотрудничествонун бул демилгесин бир топ университеттер колго алганы байкалат. Атап айтсак, МИФИ студенттерине онлайн-секция жана клубдарын ачса, РГГУнун спорт жөнүндөгү видеоканалы иштей баштады, РУДНдин баракчасы ар кандай көңүл ачуучу курстарды – поэзия ийриминен каратэ сабактарына чейин бөлүшүп турду.

Илимге мектептен тарта багыттоо. КМШда жакынкы 10 жылда ишке ашчу программа

Жеңилдиктер түгөнбөйт

Студенттерди колдоо жогоруда аталгандар менен чектелбейт. Павел Шевцовдун айтымында, "Россотрудничество" агенттиги чет өлкөдө олимпиадаларды өткөрүп, таланттуу мектеп бүтүрүүчүлөрүн издөөнү улантат. КМШнын көпчүлүк өлкөлөрүндө, Түркмөнстандан башкасында, тандоо аяктап калды.

2020-2021-окуу жылында четөлкөлүктөр үчүн Россотрудничество тарабынан бөлүнгөн орундардын саны өзгөрүүсүз калат. Агенттик кайрадан 15 миң зээндүү студентти кабыл алат. "Бирок ушул тапта Билим берүү министрлиги менен келечекте бул орундарды көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз, — дейт Павел Шевцов. — Документ азыр кароодо. Квотаны көбөйтүүдө КМШ жарандарына өзгөчө басым жасалат".

Жаңылыктар түрмөгү
0