Россияда коронавируска каршы вакцина сайдыргандарда иммунитет иштелип чыкты

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызматкерлери. Архив
Лаборатория кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмдөөдөн кийинки иммунитет канча убакытка чейин коргой аларын айтуу кыйын. Ага илимпоздор бир нече клиникалык сыноолордон кийин жооп бериши керек.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Сеченов университетинде вакцинаны сынап көргөн бардык ыктыярчыларда коронавируска каршы иммунитет пайда болду. Адатта иммундук система эмдөөдөн бир нече күн өткөндөн кийин иштелип чыгарын РИА Новостиге Сеченов университетинин Дары-дармектерди клиникалык изилдөө борборунун башчысы Елена Смолярчук айтып берген.

Буга чейин Сеченов университетинде коронавирустун вакцинасын сынап көргөн ыктыярчылардын биринчи тобу 15-июлда, ал эми экинчи тобу дүйшөмбү күнү үйүнө жиберилгени кабарланган.

Новосибирск: окумуштуулар коронавирусту нейтралдаштырган антитело тапты

Смолярчуктун айтымында, вакцина сайдыргандан бир нече күндөн кийин алгачкы коргоочу иммундук система пайда болот. Үч жумадан кийин иштелип чыккан иммунитет эң күчтүү деп саналып, ооруга туруштук берет.

Ал белгилегендей, эмдөөдөн кийинки иммунитет канчага чейин кызмат кыларын айтуу кыйын. Бул суроого илимпоздор клиникалык сыноолордун кийинки баскычынан кийин жооп бериши керек.

"Эгерде вакцина өзүнүн натыйжалуулугун далилдей турган болсо, каттоого алынат. Ошондой эле массалык изилдөө иштери башталып, көп кишиге вакцина сайылат. Аларды көзөмөлдөөнүн натыйжасында гана иммунитет канчага чейин жетерин так айтууга болот", — деди Смолярчук.

Профессор: узакка созулган жалпы карантин саламаттык сактоо тармагын талкалайт

18-июнда Сеченов университетинде Гамалея улуттук эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө борбору тарабынан иштелип чыккан вакцинанын клиникалык сыноолору башталган. Ал сыноолор Россиянын Коргоо министрлигинин Бурденко атындагы ооруканадагы ыктыярчыларга дагы жүргүзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0