Путин "Өлбөс полк" жүрүшүн кийинки жылы өткөрүүгө макул болду

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы дарыгерлер өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам акцияны уюштурбоону айткандыгын түшүндүргөн.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Владимир Путин "Өлбөс полктун" жүрүшүн кийинки жылга жылдыруу идеясын колдоду. Анын айтымында, мындай иш-чараны баарына кайыл болуп өткөрүүгө болбойт. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Мамлекет башчы дарыгерлер өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам акцияны уюштурбоону айткандыгын түшүндүргөн.

Адатта 9-майда болчу жүрүштү коронавирустун жайылып кетүү кооптуулугунан улам кийинкиге жылдырышкан. Алдын ала 26-июль деп белгиленген. Бирок Россиядагы "Өлбөс полктун" уюштуруучулары быйыл токтото туруп, келерки жылы толук кандуу өткөрүүнү сунуштаган.

"Улуу Жеңишке 75 жыл: тарых жана келечек алдындагы жалпы милдет". Путиндин макаласы

Аталган иш-чара Жеңиш күнү онлайн-форматта өттү. Ага катышууну каалаган ар бир адам фронтко катышкан атасын, чоң атасын же тууганынын сүрөтүн өнөктөш ресурстардын сайтына коюуга мүмкүнчүлүк алды.

Эбегейсиз көп маалыматтын агымын кабыл алып, ардагерлерди Кызыл аянттан виртуалдуу жүрүшүн уюштурган платформа иштеди. "Өлбөс полктун" онлайн долбооруна баш-аягы болуп үч миллионго чукул адам катышты. Ал эми түз алып берүүнү дүйнөнү чар тарабынан 25 миллионго чукул адам көрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0