Путин Баш мыйзамга түзөтүү киргизүү Жарлыгына кол койду

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл бир апта бою добуш берген. Макул болгондор добуш бергендердин 77,92 пайызын түзсө, каршы пикирин айткандар 21,27 пайыз болгон.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Баш мыйзамга түзөтүү киргизүү боюнча Жарлыкка кол койгонун РИА Новости жазды.

Ага ылайык, өзгөртүүлөр эртең, 4-июлдан тарта күчүнө кирмекчи.

Баш мыйзамга киргизилген өзгөрүүлөрдө президентке, өкмөткө жана ар кыл деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлерге талаптар жаңыланган. Жарандарга мамлекеттик социалдык кепилдиктерди бекитүү, парламенттин ыйгарым укуктарын өзгөртүү жана федералдык аймакты ажыратып алууга тыюу салуу, орус тилинин макамын бекемдөө каралган. Андан сырткары, бир беренесинде Кудай эскертилип, россиялык мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшү үчүн мураскерлик туурасында да айтылат.

Жээнбеков Путин менен сүйлөшүп, жардамы үчүн ыраазычылык билдирди

Ошондой эле учурдагы иштеп турган мамлекет башчысына 2024-жылы кайрадан президенттик шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк берет.

Сунуштарды атайын түзүлгөн жумушчу топ иштеп чыгып, Путин Мамлекеттик Думанын кароосуна тиешелүү мыйзам долбоорун киргизген. 11-мартта документ эки палатада кабыл алынып, андан кийин региондордун мыйзам чыгаруу жыйындары тарабынан колдоого алынып, 14-мартта президент ага кол койгон.

Бийлик ишенимди актоого болгон күчүн жумшайт. Путин элге ыраазылык билдирди

Эл бир апта — 25-июндан 1-июлга чейин добуш берди. Алгач 22-апрелге пландалып, бирок пандемиядан улам кийинки мөөнөткө жылдырылган. Россиянын Конституциясына түзөтүү киргизүүгө макул болгондор добуш бергендердин 77,92 пайызын түзсө, каршы пикирин айткандар 21,27 пайыз болгон. Келгендер жалпы добуш берүүчүлөрдүн 67,97 пайызын түзгөн. Мыйзам бузуулар же арыздануулар катталган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0