Россиялыктардын 75%ы Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө макул. Алгачкы жыйынтык

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүДобуштарды эсептөө
Добуштарды эсептөө - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын айрым аймактарда добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Анда негизги мыйзамга сунушталган өзгөртүүнү элдин көбү колдоого алган.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү добуш берүүгө катышкан россиялыктардын 73,24 пайызы колдоп, ал эми 25,8 пайызы каршы болду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын протоколдордун 25 пайызын иштеп чыккандан кийинки жыйынтыгына таянып РИА Новости жазып чыкты.

Кыргызстанда РФ Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүүгө добуш берүү кандай өттү

Акыркы маалыматтар боюнча россиялыктардын 64 пайызы өзүнүн шайлоо укугун колдонушкан.

Айрым аймактарда добуш берүүнүн толук жыйынтыгы чыкты. Добуш берүү тилкелеринде Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү элдин көбү колдогон:

  • Чукотка: макул — 80,3 пайыз, каршы — 18,6;
  • Сахалин: макул — 74,84 пайыз, каршы — 24,04;
  • Еврей автономиялык областы: макул — 77,3 пайыз, каршы — 21,39;
  • Камчатка: макул — 61,76 пайыз, каршы — 37,16;
  • Магадан облусу: макул — 63,03 пайыз, каршы — 36,62;
  • Хабаровск аймагы: макул — 62,28 пайыз, каршы — 36,64.

Кыргызстанда жашаган россиялыктардын көбү (89,5 пайызы) Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү колдогон.

Путин Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча добуш берди. Видео

Баш мыйзамга киргизилген өзгөрүүлөрдө президентке, өкмөткө жана ар кыл деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлерге талаптар жаңыланган. Жарандарга мамлекеттик социалдык кепилдиктерди бекитүү, парламенттин ыйгарым укуктарын өзгөртүү жана федералдык аймакты ажыратып алууга тыюу салуу, орус тилинин макамын бекемдөө каралган. Андан сырткары, бир беренесинде Кудай эскертилип, россиялык мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшү үчүн мураскерлик туурасында да айтылат.

Ошондой эле учурдагы иштеп турган мамлекет башчысына 2024-жылы кайрадан президенттик шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0