COVID-19: Россия вакцинаны сыноо мөөнөтүн кыскартууну пландап жатат

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүЛабораториянын кызматкери. Архив
Лабораториянын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия коронавируска каршы вакцинаны кишилерде эки апта мурда сынай баштаган. Адистер адамдын организминде вакцинанын суюк жана кургак деп бөлүнгөн эки түрүн текшерип жатышат.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Россиядагы Гамалеи атындагы илимий-изилдөө борборунда жасалып, Бурденко атындагы аскердик госпиталда сыналып жаткан COVID-19га каршы вакцинаны эксперименттен өткөрүү мөөнөтү кыскартылышы мүмкүн. Бул тууралуу лаборатория жетекчиси Павел Волчков РИА Новости агенттигине билдирди.

"Адатта вакцина бир нече жылдар бою үч этап менен клиникалык сыноодон өтөт. Бирок пандемия шарттарында иштин баарын кыска мөөнөттө аткарууга туура келет. Саламаттыкты сактоо министрлигинин чечимине жараша сыноо мөөнөтүнүн айрым этаптары кыскартылат. Бирок мындай учурда вакцина канча убакытка организмди коргоп турарын билбей калышыбыз мүмкүн", — деди Волчков.

Эксперттин айтымында, сыноонун экинчи жана үчүнчү этаптарында препарат расмий катталбаса деле клиникаларда пландалгандан дагы көбүрөөк кишилерде сыналышы мүмкүн. Бул вакцина тууралуу кененирээк маалымат алууга жардам берет.

Вирусолог COVID-19дун экинчи толкунуна кантип даярдануу керектигин айтып берди

Эске салсак, Россия коронавируска каршы вакцинаны кишилерге сайып, эки апта мурда сынай баштаган. Адистер адамдын организминде вакцинанын суюк жана кургак деп бөлүнгөн эки түрүн текшерип жатышат. Суюк вакцина Бурденко атындагы аскердик госпиталда, экинчи түрү Сеченов университетинде сыналууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0