Бельянинов ЕАӨБ жетекчилигинен кетип жатат. Ордуна ким келери айтылды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЕвразиялык өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) башчысы Андрей Бельянинов
Евразиялык өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) башчысы Андрей Бельянинов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан 2011-жылдан тарта Евразиялык өнүктүрүү банкынын мүчөсү. Анын уставдык капиталы 7 миллиард доллар.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Евразиялык өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) башчысы Андрей Бельянинов кызматынан кетип, анын ордуна "Россия почтасы" ишканасынын башкы директорунун орун басары Николай Подгузов келе турган болду.

Маалымат Россия өкмөтүнүн сайтына жарыяланып, премьер-министр Михаил Мишустиндин анын талапкерлигин көрсөттү боюнча тиешелүү буйрукка кол койгону кабарланды.

"ЕАӨБдүн башкаруучулугунун жаңы төрагасын шайлоо маселесин банк кеңешинин кезектеги отурумуна алып чыгышат. Ал 30-июнга белгиленген", — деп айтылган маалыматта.

Евразиялык өнүктүрүү банкы — 2006-жылы Россия жана Казакстан менен түзүлгөн эл аралык финансылык уюм. 2009-жылы ага Армения, Тажикстан, 2010-жылы Белоруссия, 2011-жылы Кыргызстан кошулган. Венгрия менен Молдова банктын жаңы мүчөлөрү болушу мүмкүн. Анын эл аралык уюм деген статусу бар, ишмердүүлүгү эл аралык укуктардын негизинде ишке ашып келет.

Евразия өнүктүрүү банкы КРде 233 млн. долларлык долбоорду ишке ашырууну карайт.

Бельянинов бул кызматта 2017-жылдын декабрь айынан тарта иштеп келет. 2006-жылдан тарта 10 жыл бою Федералдык бажы кызматын башкарган. Подгузов 2017-жылдын июль айынан баштап "Россия почтасы" ишканасын жетектеп, 2020-жылдын февралында анын ордуна вице-премьер Максим Акимов келген. Ал биринчи орун басар кызматын аткара баштаган.

"Росскызматташтыктын" деңгээлин көтөрүү керек. Жаңы жетекчи Примаковдун пикири

Андрей Бельянинов Бажы кызматында туруп Кыргыз-Россия өкмөт аралык комиссиясынын тең төрагасы болгон. Ал Кыргызстанда "Данакер" орденин алган биринчи чет өлкөлүк жаран. Эки тараптуу соода-экономикалык кызматташууну өнүктүргөнү жана достук мамилелерди бекемдегени үчүн ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев сыйлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0