Кудум 1945-жылдагыдай. Быйылкы Жеңиш парады эмнеси менен эсте калды

© Sputnik / Host photo agency / Evgeny Biyatov / Медиабанкка өтүүТанки Т-34-85 во время военного парада Победы на Красной площади
Танки Т-34-85 во время военного парада Победы на Красной площади - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеңиштин 75 жылдыгына арналып өткөн парад көптөрдүн эсинде калды. Биринчи иретте нацисттерди талкалаган ата-бабаларды эскерип, алардын каармандыгына таазим эттик.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Ошо эле каралжын түстөгү таштуу жол, каскачан ошол эле жаш жоокерлер, параддын баягы түптүз сабы. Москвадагы юбилейлик парад ардагерлерге мындан туптуура 75 жыл илгери, 1945-жылдын 24-июнунда болгон салтанатты эстетти.

Трибуна алдынан өзгөчө азем менен дээрлик 15 миңге чукул жоокер менен офицерлер өттү. Алар жеңишти камсыз кылган бабалары көтөргөн дал ошол туу менен басышты.

Мылтык учуна чагылган күн

Кремль куранттары 09:30ду көрсөттү. Параддын башталышына жарым саат калды, ал эми Куралдуу күчтөрдүн төрт чарчы жабдуулары таш төшөлгөн жолдо өзүнүн ордун ээлеп жатты. Көргөнү келгендер да орун алууда. Негизинен ардагерлер. Аттиң десең, алдыңкы катарда отурган согуштун катышуучуларынын саны жыл сайын улам азайып, улам сээлдеп барат... 

© Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүСогуштун катышуучуларынын саны жыл сайын улам азайып, улам сээлдеп барат...
Кудум 1945-жылдагыдай. Быйылкы Жеңиш парады эмнеси менен эсте калды - Sputnik Кыргызстан
Согуштун катышуучуларынын саны жыл сайын улам азайып, улам сээлдеп барат...

Журналисттерге да бир топ чектөө коюлган. Негизинен телеоператор менен фотокабарчылар киргизилген. Калганы маалымат борборунда иштеп чагылдырмай болушту. Мындан мурдараак Москва мэри шаардыктарды парадды телевизордон көрүүгө чакырган. Себеби борбор калаада эки жакка жүрүүгө коюлган чектөө азыр деле бар.

Күн жаркырап тийип турат. Синоптиктер 24 градус жылуу дешти. Ал эми мындан 75 жыл мурда дал ушул күнү, ушул сааттарда жамгыр чакалап төгүп турган дейт. Жамгыр салтанатты токтото албаптыр. Парадга жетекчилик кылган айтылуу Константин Рокоссовскийге параддан кийин өтмө катар суу болгон мундирин чечүүгө мүмкүнчүлүк болбой, тигишинен сөгүп жиберишкен экен. Бул туурасында генералдын чөбөрөсү Ариадна айтып берип отурбайбы. Драп кездеме суу болгондо чыйралып, денеге жабышып калгандыктан, кителди чечүү да оңойго турбаптыр. 

© Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүУлуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскердик парад. 24-июнь, 2020-жыл
Кудум 1945-жылдагыдай. Быйылкы Жеңиш парады эмнеси менен эсте калды - Sputnik Кыргызстан
Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскердик парад. 24-июнь, 2020-жыл

Бул күндөрү өткөн юбилейлик парадга Кургактагы аскердик күчтөрдүн башчысы, армиянын генералы Олег Салюков жетекчилик кылды. Андан парадды коргоо министри Сергей Шойгу кабыл алды. Сааттын жебеси 10ду какканда аземдүү Aurus кабриолетинде тикесинен тик туруп, кыдырып чыгышты. Ал эми 75 жыл мурда легендарлуу Жеңиш парадында так ушул аянтта кол башчылар Георгий Жуков менен Рокоссовский жал-куйругу төгүлгөн ак боз аттар Кумир жана Полюс менен кабыл алган эле. 

© Sputnik / Host photo agency / Alexander Vilf / Медиабанкка өтүүТарыхый ирмемдер... Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоо учуру
Кудум 1945-жылдагыдай. Быйылкы Жеңиш парады эмнеси менен эсте калды - Sputnik Кыргызстан
Тарыхый ирмемдер... Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоо учуру

Aurus менен кыдырган соң Шойгу атактуу Михаил Глинканын "Славься" ырынын музыкасы менен Кызыл аянттагы Россиянын башкы командачысына аскер түзүмдөрүнүн парадга даярдыгы боюнча отчетун берди.

Тарыхка таазим этип

Парад Россия президенти Владимир Путиндин салтанаттуу сөзү менен ачылды. Лидер трибунада парадга келген коноктордун арасында отурду. Мындан 75 жыл мурда Мавзолейде Георгий Жуков сүйлөгөн. Сүйлөнгөн эки сөздүн жалпылыктары көп болду. Жуков да, Путин да нацисттик Германиянын таш-талканын чыгаруудагы Кызыл Армиянын эбегейсиз ролуна токтолушту. Дал ошол советтик солдаттар вермахтын негизги күчүн чачыратып, немистердин танкалары менен учактарынын 75 пайызын жок кылган. 

© Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүПарад Россия президенти Владимир Путиндин салтанаттуу сөзү менен ачылды
Кудум 1945-жылдагыдай. Быйылкы Жеңиш парады эмнеси менен эсте калды - Sputnik Кыргызстан
Парад Россия президенти Владимир Путиндин салтанаттуу сөзү менен ачылды

Кремлдин үстүн үч ирет "Ура!" деген жаңырык каптады. Кызыл аянтка Москвадагы Халилов атындагы аскердик-музыкалык училищенин жаш барабанчылары чыкты. Ал эми 1945-жылы парадды Суворов атындагы окуу жайдын барабанчылары ачкан.

Алардын артынан Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн атактуу тобу менен Ардак кароолунун бардык түрү ыкчам басышы менен келди.

Булардан кийин Улуу Ата Мекендик согуш учурунда кийилген форма менен аскердик 11 бөлүк чыкты. Анан көп өтпөй жоокерлер согуш маалындагы дивизиялык байракты алып Кызыл аянттан өттү. Кудум эле 75 жыл мурдагыдай, 1-Карелия фронтунун туусу, акыркысы 3-Украин фронтунун байрагы. Ошентип таш төшөлгөн аянттын жолунда жөө аскерлер, учкучтар, моряктар, инженерлер, чалгынчылар, чек арачылар, элдик коргоочулар менен казактар мүнөтүнө 120 кадам таштан өттү. 

© Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүБереги биз көрүп турган туулардын алдында ата-бабаларыбыз фашисттик Германиянын нацисттери менен салгылашкан
Кудум 1945-жылдагыдай. Быйылкы Жеңиш парады эмнеси менен эсте калды - Sputnik Кыргызстан
Береги биз көрүп турган туулардын алдында ата-бабаларыбыз фашисттик Германиянын нацисттери менен салгылашкан

Жогоруда айткандай, формалар дал ошол учурдагыдай, 45-жылдагы параддагыдай тигилген. Кездеме менен фурнитуралары 40-жылдарда колдонулгандай эч өзгөрүүсүз жасалган. Мунун баарын Питердеги согуш мезгилинде күнү-түнү иштеп, азыр да токтобогон фабрика даярдап берген.

75 жыл илгери Жеңиш парадына болгону бир гана чет мамлекет катышкан. Ал Польшанын шыбагасына тийген. Аскерлери Мавзолейдин жанынан 1-Беларусь фронтунун курамында басып өткөн. А бүгүн ошол кардуу согушта жеңишти алып келиш үчүн канын төккөн жоокерлердин кийинки урпактары катышты. Бул сапар 13 мамлекет болду. Кыргызстандын, Азербайжандын, Армениянын, Белоруссиянын, Казакстандын, Молдованын, Тажикстандын жана Өзбекстандын, Түркмөнстандын, алардан сырткары, Индиянын, Кытайдын, Монголиянын, Сербиянын 70тен аскерлери өттү. 

© © SputnikКызыл аянттагы кылкылдаган аскерлер. Параддан бир көрүнүш
Кудум 1945-жылдагыдай. Быйылкы Жеңиш парады эмнеси менен эсте калды - Sputnik Кыргызстан
Кызыл аянттагы кылкылдаган аскерлер. Параддан бир көрүнүш

Ошондой эле Россияда курсанттардан, жаш аскерлерден, кыз-келиндерден турган бөлүктөр басты. 75 жыл мурда параддан аскерлер өтөгөн кызматына карата бөлүнгөн эмес. Бул ирет ар бири түрүнө карата иргелди.

Легендарлуу Т-34 танкасынын урпактары

Техникалардын жердеги жүрүшүн легендарлуу, сүрү күчтүү, миңдеген жоокелер менен тагдырлаш Т-34 танкасы баштап, 31 даанасы Кызыл аянтка кирип келди. Тарыхта мындай ирмемдер алды-кийин болгон эмес. Буга Лаос өлкөсү менен болгон келишим өз салымын кошту. Былтыр алар Россияга Советтер Союзу саткан танктардын ичинен жүрүп тургандарын белек катары кайтарып берген эле. Андан сырткары, Улуу Ата Мекендик согушта колдонулган башка техникалар да аянттагыларды таңгалдырды. 

© Sputnik / Host photo agency / Evgeny Biyatov / Медиабанкка өтүүЛегендарлуу, сүрү күчтүү, миңдеген жоокелер менен тагдырлаш Т-34 танкалары
Кудум 1945-жылдагыдай. Быйылкы Жеңиш парады эмнеси менен эсте калды - Sputnik Кыргызстан
Легендарлуу, сүрү күчтүү, миңдеген жоокелер менен тагдырлаш Т-34 танкалары

Болот "ардагерлерден" кийин кезек Т-90М менен Т-80БВМ машиналарына келди.

Адистер Абадагы сокуудан коргонуучу зениттик-ракеталык С-350 "Витязь" комплексин көрсөтсө, аскерлер ТОС-2 "Тосочка" менен чыкты. Т-14 танкасы, "Армата" платформасындагы оор БМП Т-15, "Курганец-25","Бумеранг" БТРи жана албетте, "Коалиция-СВ" элге көрсөтүлдү. 

© Sputnik / Host photo agency / Alexander Vilf / Медиабанкка өтүүРоссиянын кубаттуу, айбаттуу аскердик техникалары параддан өтүп бара жаткан учуру. 24-июнь, 2020-жыл
Кудум 1945-жылдагыдай. Быйылкы Жеңиш парады эмнеси менен эсте калды - Sputnik Кыргызстан
Россиянын кубаттуу, айбаттуу аскердик техникалары параддан өтүп бара жаткан учуру. 24-июнь, 2020-жыл

75 жыл мурда жамгырдан улам абага авиация көтөрүлбөй, 220дан ашык учактары менен пилоттор аэродромдо "арманда калган". Ананчы, кандай учкуч мындай тарыхый окуяга катышкысы келбесин. Ал эми бул күндөрү күн чайыттай ачылып, Кызыл аянттын асманынан суктандырган көрүнүштү көптөр сонуркап, суктанып карап отурду. Көктөн Су-35, Су-30, МиГ-29СМТ, Су-57 истретибелдери, Су-24М2 менен Су-34 согуштук бомбалагычтар, атаандаштын айласын кетирген Су-25, апкаарыткан, жүрөктү сол эттирген үнү менен "Кинжал" ракетасы орнотулган МиГ-31, калбааттуу Ту-95 жана Ту-160 учуп өттү. Андан сырткары, Ми-35М, Ка-52 жана Ми-28 тик учактары отургандар эмес, экран тиктегендерди кайдыгер калтырган жок. 

© RuptlyАвиация над Москвой — впечатляющее видео с воздушной части парада Победы
Кудум 1945-жылдагыдай. Быйылкы Жеңиш парады эмнеси менен эсте калды - Sputnik Кыргызстан
Авиация над Москвой — впечатляющее видео с воздушной части парада Победы

75 жыл мурдагыдай эле парадды оркестр жыйынтыктады. 1945-жылдын 24-июнунда музыканттар "Слава Родине" чыгармасын, ал эми алардын урпактары "День Победы" ырын аткарды.

Көрүүчүлөр көңүлүн салган Кремль

РИА Новости агенттининин кабарчысы Москванын борборуна барып, парад учурунда ал жакта эмне болуп жаткандыгына байкоо салган.

Саат тогуздан тарта эле Большой Устьинск көпүрөсүндө бут коерго жер калган эмес. Себеби алыстан болсо да ушул аймактан парадды даана көрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк бар эле.

Шаардын ар тарабынан Кремлди карай жөө да, автоунаа менен да агылгандар көп болгондуктан, эл аталган көпүрөгө көп чогулган. Алардын көбүнүн медициналык бет капчан экендигин байкоого болот. 

© Sputnik / Vladimir Sergeev / Медиабанкка өтүүРоссия желегиндеги үч түс асман бетине жайылды. Бул параддагы авиациячылар көрсөткөн суктанарлык учурлардын бири болду
Кудум 1945-жылдагыдай. Быйылкы Жеңиш парады эмнеси менен эсте калды - Sputnik Кыргызстан
Россия желегиндеги үч түс асман бетине жайылды. Бул параддагы авиациячылар көрсөткөн суктанарлык учурлардын бири болду

Ал эми саат 10дон тарта көптөр смартфондон парадды көрө баштады. Президент аза мүнөтүн жарыялаганда тургандар тынчый калды. Андан соң "Жеңгендерге даңк! Ура" деп кыйкырык менен кошо ураалашып, пушкадан атылган үндү уккандан кийин эл козголо түштү.

— Биздин алдыбыздан чын эле өтөт болду бекен?

— Ооба, жыл сайын эле ушул жерден өтүшчү эле го.

— Техникаларды кайдан көрөбүз, ыя?

— Кремлден Жаңы Арбатты көздөй бурулат экен, Звенигородское шоссесинен көргөн жакшы.

Парад аяктаган бир нече мүнөттөн кийин Москва дарыясы жактан биринчи колонна көрүндү. Алды жакта Кызыл Армиянын туусун алып келе жатышты. Алар калың элге "Жеңиш майрамыңар менен" деп кыйкырышты. Жүздөгөн киши "Ураалап" жооп берди. Ар бир аскердик бөлүк көпүрөнүн алдынан бизге качантан бери тааныш болуп калган согуш ырларын созуп өтүп баратышты. Көпүрөдө тургандар аны дароо илип алып, кошо ырдаган тейде узатып жатышты. 

© Sputnik / Ramil Sitdikov / Медиабанкка өтүүБаатыр шаар Москва...
Кудум 1945-жылдагыдай. Быйылкы Жеңиш парады эмнеси менен эсте калды - Sputnik Кыргызстан
Баатыр шаар Москва...

Параддын катышуучулары сабын бузбай жөнөй берди. Анткен менен салтанат аяктады, эми өтө олуттуу болбой, жылмайып, ал тургай карап тургандарга кол булгалап өтсө болот.

Парад Победы. Маршал Советского Союза Георгий Жуков принимает парад. Москва. Красная площадь. 24 июня 1945 года  - Sputnik Кыргызстан
Алгачкы Жеңиш парадын эмнеге Сталин эмес, Жуков кабыл алган. 75 жыл мурдагы тарых
Балтика флотунун моряктар колоннасы бир аз токтоп, команда менен баш кийимин чечип, көрүүчүлөргө булгалады. Жоокерлер москвалыктардын майрамдык маанайын көтөрүп койгусу келди окшойт.

"Сонун го! Майрамыңар менен!" — дешти ошол жерде тургандар бирин-бири куттуктап. Борбор калаанын асманынан жакында эле учуп өткөн самолеттор калтырган Россия желегинин үч түсүнүн элеси толугу менен тарай электигин байкоого болот.

Элдин көбү жээкке жакын аймакта автобусту күтүп турган салтанаттын катышуучулары менен сүрөткө түшүп калууга ашыгып жатты. 

© Sputnik / Host photo agency / Sergey Pyatakov / Медиабанкка өтүүБалдар согуш отун көрбөсүн, бирок ата-бабаларынын эрдигин биле жүрүшү лаазым
Кудум 1945-жылдагыдай. Быйылкы Жеңиш парады эмнеси менен эсте калды - Sputnik Кыргызстан
Балдар согуш отун көрбөсүн, бирок ата-бабаларынын эрдигин биле жүрүшү лаазым

Тургандардын ичинен Звенигородское шоссе деп аталган аймакка ашыга баштагандар болду. Анын эки тарабында жүздөн адам тизилип туруп, өтүп бара жаткан техниканын экипажына кол булгалап жатышты. Алардын шаардыктарга жооп бергендигин байкоо кыйын эмес эле. Айтор, көңүл көтөрүлгөн ирмемдер арбын кездешти.

Ал эми легендардуу Т-34 алыстан көрүнгөндө эле белгилүү "День Победы" ырын аткара башташты. Парад бүтүп калса да, ырдын обону жаңырганда тургандардын көзүнөн чыккан жашты көрүүгө болот эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0