Аралыктан мина коюп... Россия Жеңиш парадында соңку үлгүдөгү системасын көрсөтөт

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүНочная репетиция парада Победы в Москве
Ночная репетиция парада Победы в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Согуштук жаңжал — эң оболу технологиялардын салгылашы. РФ Куралдуу күчтөрүндө динамикалык өзгөрүүлөр аскердик багыттагы бардык чөйрөдө жүрүүдө.

Россия кеңири багыттагы куралдануунун технологиялык артыкчылыктарын, анын ичинде минаны аралыктан коюучу жана залалсыздандыруучу машиналары бар орбиталык системалардын интеграциясын көрсөтүүдө. Жеңиш парадына катыша турган бул көлүк туурасында аскерий баяндамачы Александр Хроленконун макаласынан окуңуздар.

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскердик парадга даярдык маалында курал-жарак жана техниканын эң соңку 24 үлгүсүнүн арасында биринчи ирет минаны аралыктан коюучу жана мина коюлган жерлерди зыянсыздандыруучу "Земледелие" жана "Листва" системалары алгач ирет көпчүлүк көзүнө чалдыгып отурат.

Флот адмиралы Касатонов аттуу фрегат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Антиторпеда: россиялык фрегаттардын өзгөчөлүгү
Биринчиси минаны реактивдүү залп түйүнүнөн 15 чакырымга чейинки аралыктан "спутник боюнча" так жайгаштырат, экинчиси машинанын кыймыл секторунда 100 метрге чейинки аралыктан душмандын жардыруучу түзүлүштөрүн өтө жогорку жыштыктагы нурлануу аркылуу таамай жок кылып же зыянсыздандыра алат. Акыркы үлгүдөгү системалар көп санда чыгарылып, россиялык күчтөрдү жабдууда. Техникалык прогресс согуштук аракеттердин тактикасын өзгөртүп, алардын натыйжалуулугун арттырып, аралыктан башкарылуусун өрчүтүп келет. Россиялык коргоо-өнөр жай комплексинин алдынкы өндүрүмдөрү душмандын кургактагы күчтөрүнүн жүрүшүн ыраактагы чектен да аскердик бөлүктөрдүн түздөн-түз катышуусусуз токтото алат. Ошондой эле радиобашкарылуучу мина жана фугастары өңдүү диверсиялык "орнотмолорун" аралыктан жок кылат.

"Земледелие" унаасынын таамайлыгы

Миналуу-жардыруу тосмолору коргонуу жана чабуул коюучу операцияларда кургактагы күчтөрдүн жолун бөгөп, жогорку мобилдик сокку уруучу топторду кармап же миналуу талааларды аба десанты менен туш-туштан каптоо (же десанттын конушуна жол бербөө), байланышты бузуу, душмандын тылын бүлгүнгө учуратуу, ошондой эле өз флангаларын жана башка аялуу жактарын калкалоо үчүн колдонушат. Мында эң маанилүү ролду миналарды талаага так жайгаштыруу да маанилүү ролду ойнойт.

Инженердик система аркылуу аралыктан мина коюу командир чечим кабыл алгандан 10 мүнөт өтпөй ишке ашырылат. Бул оперативдик мейкиндик жана согуштук аракеттерден бүтүндөй райондорду (душмандын позицияларын) "чыгарууга" мүмкүндүк берет. Миналуу-жардыруучу тосмолорду орнотуунун бул ыкмасы кыйла коопсуз жана күчтөрдү топтоштуруп которуштуруу болуп эсептелип, автоматташтыруу жана автономдуулуктун жогорку даражасына ээ.

"КамАЗ" (8х8) автомобилинин негизинде түзүлгөн "Земледелие" аралыктан мина коюучу россиялык инженердик системасы залп огунун 50 стволдук орнотмосу болуп саналат. Ал атайын иштелип чыккан 122 ммлик реактивдик снаряддар, ар кыл типтеги дүрмөттөлгөн миналар (пехоталык күчтөргө жана танкка каршы) менен аткылай алат.

Жаңы муундагы заманбап жогорку натыйжалуу ок-дарылар өзүн-өзү жок кылуу боюнча эл аралык келишимдердин талаптарына толук жооп берет. "Нөөмөт" тосмолор коюлушу мүмкүн, алар белгилүү бир убакта буталарды күтпөстөн өзүн-өзү жок кылат (же коопсуз режимге өтөт).

Россиянын аскер кызматкери машыгуу учрунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Америка да алсам дейт. Калашников автоматы дүйнөнү багынтууда
"Земледелие" системасынын реактивдүү орнотмосу жайгашкан жеринен 5 чакырымдан 15 чакырымга чейинки аралыктан ок-дарыны "себе" алат. Спутниктик навигация жана автоматтык башкаруусунан улам миналар белгиленген жерлерге даана отургузулат. Системанын автономдук метеостанциясы "шамалга карата өз түзөтүүлөрүн" киргизет. Ошентсе да, аткылоо үчүн маалыматтардын даярдалышы, так түйүндөр боюнча залп жана кайра заряддоочу транспортту чакыруу автоматтык түрдө жүргүзүлөт. Система ыкчам, өтүмдүүлүгү жогору, узак убакытка чейин иштейт.

Куралдын бир топ запасын (транспорттук-кыймылга келтирүүчү контейнерлердеги реактивдик дүрмөттөр) ошол эле дөңгөлөктүү базада транспорттук-кубаттоочу машина камсыздайт. Согушта пайдаланылчу технология согуш майданынан обочо кармайт. Ошентсе да бул машиналар сооттолгон.

Аралыктан мониторинг кылуунун маалыматтык системасын РФ Коргоо министрлиги быйылкы жылдан тарта ала баштайт. Сатып алынган көлүктөрдүн так саны, ошондой эле "Техмаштын" тапшыруу ыргагы жана келишиминин суммасын ачыктаган жок. Туладагы "Сплав" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин иши негизинен жабык мүнөздө. "Земледелие" боюнча маалыматтык материалдар алгач ирет "Армия-2016" эл аралык аскердик-техникалык форумунда тааныштырылган, бирок системанын сүрөтү биринчи ирет июнда жарыяланды.

НАТОнун (АКШ, Германия, Улуу Британия жана Италия) негизги армияларында да аралыктан мина коюучу авиациялык, реактивдик, артиллериялык, инженердик тутумдары бар. Алардын кыска мөөнөттө жана чоң аянттарда мина талааларын жаратууга күчү бар. Мина-жардыргыч технологияларын өрчүтүү жана алардын жарышы тынымсыз уланууда. "Мина талаасындагы" Россиянын мындай жетишкендиктеринин көпчүлүгүнүн дүйнөдө теңдеши жок.

"Листва" аскердик кичитолкуну

Россияда радиоэлектрондук куралдар жаңы күч принциптеринде парадда да, аскердик катарда да ийгиликтүү колдонулуп келет. "Листва" минаны аралыктан залалсыздандыруучу машинасы душмандар даярдаган мина жана фугастарды 100 метрге чейинки ыраактыктан таап, жардыра алат. РФ Атайын багыттагы ракеталык күчтөрү тарабынан сыналган.

РФ Атайын багыттагы ракеталык күчтөрү "Листваны" 2017-жылы эле алган, бирок Жеңиш парадына бул машина алгач ирет катышмакчы. Россиянын эң купуя комплекстеринин бири континенттер аралык баллистикалык ракеталардын мобилдик октоо орнотмолоруна бараткан жолдогу жардыргыч заттарды жок кылууга багытталган.

Открытие 10-й международной выставки Russia Arms Expo - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөдө Т-15 "Арматанын" теңдеши жокпу? Cууга чөкпөс, отко күйбөс курал
Өтө жогорку жыштыктагы нурлануу блок орнотулган сооттолгон автомобиль аскердик күзөт багыты боюнча кыртыштык ракеталык комплекстин алдында уюлдук байланыш сигналдарын модел жасоо менен жылат. Жол боюндагы жана жолдон алдаканча обочо турган радиобашкарылуучу миналарды (фугастар) жардыра алат.

Минаны аралыктан залалсыздандыруу көлүгү металл элементтери бар мина-жардыргыч түзүлүштөрүн таап, курамында электрондук компоненттер бар инженердик курал-жарак жана жасалма жардыргычтарды жок кыла алат.

Мурда бул технологияны пайдаланышкан эмес, ал эми бүгүн Россия Федерациясынын Атайын багыттагы ракеталык күчтөрүнүн байланыш инженердик бөлүмдөрү 150 чакты "Листва" минаны аралыктан залалсыздандыруу машинага ээ.

Сооттолгон машинанын үстүндө параболалык антенна бар, ал табылган минаны жогорку нурлануу менен зыянсыздандыра алат. Жиберилген өтө жогорку жыштыктагы нурлануу-импульс жардыргычтарды жана курал-жарактардын байланыш тутумун иштен чыгарып салат. Миналарды зыянсыздандыруу тилкесинин жазылыгы – 50 метр.

Аскерлерди электрондук нурлануудан коргош үчүн экипажга металл жиптер менен тигилген атайын костюмдар иштелип чыккан. "Листванын" так мүнөздөмөлөрү жашыруун, бирок ачык булактардан алынган маалыматтарга караганда, саатына 15 чакырым ылдамдык менен жүрүп баратып, 100 метрлик аралыктан минаны таба алат.

Бул жабдууну Рязандагы "Глобус" конструктордук бюросу иштеп чыгып, Краснодардагы "Каскад" шайман чыгаруучу заводу өндүргөн.

Эгер кеңири алып карай турган болсок, радиоэлектрондук курал аралыктан танктын мунарасындагы снарядды талкалап же октоочу автоматикасына шынаа кагат. Ошондой эле душмандын жандуу күчтөрүн калкалануучу жай же 100 метрлик тереңдиктеги жерден да жок кылууга жөндөмдүү.

Танк Т-14 Армата репетиция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мыкты деп табылды! Россиялык "Армата" эмнеге Сирияда сыналууда?
Мындай курал адатта колдонулчу курал-жараксыз эле душмандын техникасын нейтралдаштырат. Электромагниттик нурлануунун көчмө генераторлору душмандын электроникасын абадан болобу, деңизде же кургакта болобу, айтор, ондогон чакырым аралыктан иштен чыгара алат.

Коё берилген белгилүү жыштыктагы нур шооласы электр жабдыктарына балта менен ургандай (кувалда соккусундай) таасир этет. Компьютердин экраны жооп бербей катып калат, багыттоо (навигация) тутуму функционалдуулугун жоготот. Импульс микросхеманы күч менен жок кылып же, башкача айтканда, өрттөп кетет.

Айтор, 24-июнда болжолдуу душманды технологиялык жактан мизин кайтарган Жеңиш парады өтөт. "Өтө жогорку жыштыктагы нурлануу жүз метрлик аралык" ийгиликтүү багындырылды десек болот. Ал эми "Гвидон" минаны аралыктан залалсыздандыруучу күчтүү машинасы Россияда сыноодон өтүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0