Россия өкмөтү жарандарына автону газга өткөрүүгө колдоо көрсөтөт

© AFP / JEAN-CHRISTOPHE VERHAEGENИшкер жүк ташыган унааны газ менен толуктап жатат. Архив
Ишкер жүк ташыган унааны газ менен толуктап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Россияда "Энергетиканы өнүктүрүү" мамлекеттик программасына өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Ага ылайык, өкмөт орто жана чакан бизнеске автону, коомдук транспортту жана коммуналдык техниканы газ менен иштөө системасына өткөрүүгө жардам берет.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Россия өкмөтү айдоочулар автоунаасын бензинден газга өткөрүшү үчүн көрсөтүлгөн жардамдын көлөмүн көбөйттү. Бул тууралуу документке өкмөт башчы Михаил Мишустин кол койгону министрлер кабинетинин сайтында жарыяланды.

Учурда Россияда "Энергетиканы өнүктүрүү" мамлекеттик программасына өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Ага ылайык, өкмөт орто жана чакан бизнеске автону, коомдук транспортту жана коммуналдык техниканы газ менен иштөө системасына өткөрүү үчүн колдоо көрсөтөт.

"Мамлекет бизнес өкүлдөрү менен жарандардын автоунааны газга өткөрүүгө кеткен чыгымынын жарымын мойнуна алат. Тагыраагы, мурда 30 пайыз жардам берилсе, эми бул көрсөткүч 60га чейин көтөрүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.

Мамлекеттик программага ылайык, Россия 2024-жылга чейин моторду иштетчү газдын көлөмүн 2,7 миллиард куб метрге жеткирмекчи. Ошондой эле беш жылдын ичинде 1,3 миң газ куюучу жай куруу пландалып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0