РФте миграциялык каттоого 15-сентябрга чейин баш оорутмай жок. Маанилүү кабар

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүУборка и дезинфекция парадных в Санкт-Петербурге
Уборка и дезинфекция парадных в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия президентинин Жарлыгынын аркасында мигранттардын каттоосунун мөөнөтү өтүп кеткен болсо да, 15-сентябрга чейин эскирбейт. Аны узартам деп убара болуунун кажети жок.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. 15-сентябрга чейин Кыргызстан жарандарына карата Россиядагы миграциялык каттоо токтотулгандыгын Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Ага ылайык, тиешелүү Жарлыкка 15-июнда Россиянын президенти Владимир Путин кол койгон.

Анын негизинде 2020-жылдын 15-сентябрына чейин төмөнкү документтердин мөөнөтү узартылат:

  • визалар;
  • убактылуу жашоого уруксат (РВП);
  • Россия Федерациясында жашап турууга уруксат (ВНЖ);
  • колдонуу мөөнөтү жөнүндө белгилери бар миграциялык карта;
  • качкындардын күбөлүктөрү;
  • Россияда качкын макамын алуу жөнүндө арызды карап чыккандыгы тууралуу күбөлүк;
  • Россиядагы убактылуу башпаанек жөнүндөгү күбөлүк;
  • Мамлекеттик программанын катышуучусунун сертификаттары.
"Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн документтердин биринин 2020-жылдын 15-мартынан 15-сентябрына чейинки убакыттын аралыгында жарактуу мөөнөтү бүтсө, документ автоматтык түрдө 15-сентябрга чейин узартылат. Жогоруда көрсөтүлгөн документтердин мөөнөтүн узартуу үчүн Россиянын Ички иштер министрлигинин тиешелүү органдарына кайрылуунун кереги жок", — деп айтылат маалыматта.

Мисалы, Кыргызстан жаранынын үстүбүздөгү жылдын 16-мартында миграциялык картасы, убактылуу жашап турууга уруксаты же Россияда жашап турууга уруксатынын мөөнөтү өтүп кеткен болсо, ал автоматтык түрдө 2020-жылдын 15-сентябрына чейин узартылат. РФтин Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрүнө кайрылуунун кажети жок.

Ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга карата

  • Россияда убактылуу туруу;
  • Россияда убактылуу же туруктуу жашоо;
  • миграциялык каттоого туруу,
  • мекендештерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн көчүрүп келүү программасынын катышуучуларынын (убактылуу жашап турууга уруксаты же Россияда жашап турууга уруксаты бар жарандар) Россиянын чегинен тышкары жерде жүргөн убактысынын (эгер алар Россия Федерациясынын аймагына 6 айлык мөөнөттүн ичинде кире алышпаса) мөөнөтү;
  • Россиянын аймагынан административдик түрдө чыгаруу, депортация же реадмиссия жөнүндө чечим кабыл алынган чет өлкөлүк жарандардын Россиядан ыктыярдуу чыгып кетүү мөөнөттөрү 2020-жылдын 15-сентябрына чейин узартылды.
"Бул категориядагы КР жарандарынын жогоруда көрсөтүлгөн документтердин мөөнөтүн узартуу үчүн Россиянын Ички иштер министрлигинин тиешелүү органдарына кайрылуусунун кажети жок. Эгерде кыргызстандык жарандын миграциялык каттоосунун мөөнөтү 15-марттан 15-сентябрына чейинки убакыттын аралыгында бүтүп калса, каттоо автоматтык түрдө 15-сентябрга чейин жарактуу болот. Россиянын Ички иштер министрлигинин тиешелүү органдарына кайрылып кереги жок", — деп айтылган маалыматта.

Элчилик төмөнкү учурду баса белгилеп, Россияда убактылуу жашаган жеринде каттоо үчүн арыз менен кайрылууну сунуштаган.

Выдача первых патентов в Едином миграционном центре Московской области - Sputnik Кыргызстан
Россия мигранттар үчүн атайын тиркеме киргизиши мүмкүн. Максаты
"Эгерде миграциялык каттоонун мөөнөтү 15-мартка чейин бүткөн болсо (б.а. үстүбүздөгү жылдын 1-мартында), Россияда жүргөнүңүздү мыйзамдаштыруу үчүн учурдагы кырдаалга жана Россиянын чегинен тышкары чыга албагандыгыңызга байланыштуу Россиянын Ички иштер министрлигине тезинен Россияда убактылуу жашаган жеринде каттоо үчүн арыз менен кайрылууну сунуштайбыз", — деп билдирген элчилик.

Иштөөгө берилген уруксаттын, патенттердин, чет өлкөлүк жумушчуларды тартууга жана пайдаланууга уруксат кылган мөөнөт бүтүп калбай тургандыгын элчилик дагы бир ирет маалымдаган. Тагыраагы, жумуш берүүчү тарап чет өлкөлүк жаран менен, анын ичинде кыргызстандык менен эмгек же жарандык-укуктук келишим түзүлгөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органынын миграция бөлүмүнө билдирме берүүгө милдеттүү.

"Башкача айтканда, эгерде Кыргызстан жарандары жумушка кирсе, иш берүүчүлөр Россиянын Ички иштер министрлигине жумушка орношуу жөнүндө тиешелүү билдирүүнү жөнөтүшү керек", — деп айтылат маалыматта.

Россия президенти Путиндин жаңы Жарлыгына ылайык, 15-марттан 15-сентябрга чейин чет өлкөлүк жарандарга байланыштуу төмөнкү чечимдер кабыл алынбайт:

  • алардын өлкөдө жашашына же туруусуна мүмкүн эместиги жөнүндө;
  • Россиядан административдик түрдө чыгаруу жөнүндө;
  • депортация же реадмиссия жөнүндө;
  • качкын статусунан же убактылуу баш калкалоодон ажыратуу жөнүндө;
  • мурда берилген визаларды, иштөөгө уруксаттарды, патенттерди, РВПны, Россияда жашап турууга уруксатты, мамлекеттик программанын катышуучусунун күбөлүктөрүн жокко чыгаруу жөнүндө.

Кыргызстандын жарандарына карата жогорудагы чечимдер кабыл алынган учурда элчиликтин консулдук бөлүмүнө кайрылуу керек (дарек: 119017, Москва шаары, Большая Ордынка көчөсү 62, курулуш 2 (Погорельский каптал көчөсүнөн кирүү).

Тел.: +79251032911; +74992383304, +74992301117.
Факс: +74992385069.

Жаңылыктар түрмөгү
0