Москвада коронавирустан улам кирген чектөөлөр качан алынары айтылды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМосква шаарындагы кызыл аянт. Архив
Москва шаарындагы кызыл аянт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Собянин болжол менен эки-үч жумадан кийин шаардык ооруканалар кадимки шартта иштеп, бейтаптарга кызмат көрсөтүп каларын да баса белгиледи.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Москвада коронавирустан улам киргизилген чектөөлөр июлда алынат. Бул тууралуу Москва шаарынын мэри Сергей Собянин "Россия 24" телеканалына маек берип жатып айтканын РИА Новости жазды.

Собяниндин айтымында, чектөөлөр шаардагы кырдаалга жана коронавирустун жайылуу темпине жараша алынмакчы.

"Шаарга киргизилген чектөөлөр 1-июлга чейин акырындык менен алынат. Бирок бул москвалыктардын коюлган талаптарды аткаруусунан да көз каранды. Бул убакытка чейин шаардыктар чыдайт деген ойдомун", — деген мэр.

Собяниндин айтымында, чектөөлөрдү алуу боюнча график 8-июнда белгилүү болот.

Изилдөө институттун лабораториясынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россия: коронавируска каршы чыгарылган бир вакцина баарына жарай бербейт
Ал болжол менен эки-үч жумадан кийин шаардык ооруканалар кадимки шартта иштеп, бейтаптарга кызмат көрсөтүп каларын да баса белгиледи.

"Кийин коронавирус менен ооругандар Москвадагы жогорку квалификациялык стационарларга гана жаткырылат. Ал эми убактылуу корпустар резервде болот", — деди Собянин.

Пандемия башталгандан бери Москвада 189 214 адам коронавирус жуктуруп алган. Анын ичинен 95 миңдейи айыгып, 2749 бейтап көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0