Захарова РФтин Жакынкы Чыгыштагы ролу боюнча АКШнын билдирүүсүнө жооп берди

© Фото / МИД РФ / Медиабанкка өтүүБрифинг официального представителя МИД России М. Захаровой
Брифинг официального представителя МИД России М. Захаровой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Расмий өкүл бул маселе боюнча комментарий берип жатып, Вашингтондун аталган аймактагы саясатынын жыйынтыктарын эстеп коюуну айтты.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дэвид Шенкердин Россияга карата айткан "Жакынкы Чыгыштан чыгып кетсин" деген сөзүнө жооп берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Расмий өкүл бул маселе боюнча комментарий берип жатып, Вашингтондун аталган аймактагы саясатынын жыйынтыктарын эстеп коюуну айтты.

"Акыркы 20 жылда Жакынкы Чыгыштагы америкалык кайсы долбоорлор ийгиликтүү болгондугун тактап коюу ашыктык кылбайт. Шенкер кайсыларын жогорудагыдай деп эсептейт болду экен? Эмнегедир эстей албай жатабыз. Кыйылган өмүрлөр менен талкаланган учурлар гана эске түшөт экен", — деп айтып берген ал РИА Новостиге.

Россия 2015-жылдан тарта Сирия бийлигине террорчулук менен күрөшүүдө, өлкөнүн калыбына келишине аскердик жана бир топ башка жардамдарды берип келет. Ал эми АКШнын күчтөрү аталган өлкөдө расмий бийликтин уруксатысыз жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0