Россиянын Конституциясына өзгөртүү киргизүү боюнча добуш берүү 1-июлга белгиленди

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин встретился в режиме телемоста с уполномоченным по правам ребенка А. Кузнецовой и многодетными семьями
Президент РФ В. Путин встретился в режиме телемоста с уполномоченным по правам ребенка А. Кузнецовой и многодетными семьями - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эскерте кетсек, январдын соңунда Владимир Путин Мамлекеттик Думага Конституцияга киргизилчү өзгөртүүлөр боюнча мыйзам долбоорун киргизген.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Россиянын Баш мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча добуш берүү 1-июлга белгиленди. Бул тууралуу Кремлдин сайтында жарыяланды.  

Ал эми РИА Новости агенттигинин маалыматына караганда, президент Владимир Путин Борбордук шайлоо комиссиясы менен “Роспотребнадзор” мекемесинин жетекчиликтерине шайлоо учаcтокторунда коопсуздукту камсыздоону тапшырды.

"Албетте, Россиянын жарандарына добуш берүүгө катышуусун суранып кайрылам. Анткени мында жашообуздун бардык тарабына таасир эткен Башкы мыйзамдын тагдыры чечилгени жатат”, — деди Путин.

Анын айтымында, 30 күн ичинде эл документке кире турган негизги өзгөрүүлөр менен жакшылап таанышып чыкканга убакыт бар. Экинчиден, коронавируска байланыштуу кырдаалды дагы жөнгө салып алууга жетишсе болот.

Эскерте кетсек, январдын соңунда Владимир Путин Мамлекеттик Думага Конституцияга киргизилчү өзгөртүүлөр боюнча мыйзам долбоорун киргизген.

Жаңылыктар түрмөгү
0