Москва мэри 1-июндан тарта кандай жеңилдиктер болорун айтып берди

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүМосква шаарынын мэри Сергей Собянин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат. 25 май 2020 жылы
Москва шаарынын мэри Сергей Собянин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат. 25 май 2020 жылы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сергей Собяниндин айтымында, шаардыктар эшиктин алдына, сейил бактарга чыгууга мүмкүндүк алышы керек.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Москва шаарында COVID-19га байланыштуу киргизилген чектөөлөр 1-июндан тарта акырындык менен жоюла баштайт. Бул тууралуу шаар мэри Сергей Собянин Владимир Путин менен видеоконференция аркылуу сүйлөшүп жатып айтканын РИА Новости жазды.

Собяниндин айтымында, мындай чечим бийлик үчүн оңойго турган жок, бирок шаардыктар эшиктин алдына, сейил бактарга чыгууга мүмкүндүк алышы керек.

"Азыр биз график иштеп чыгып, аны тесттик режимде иштетип көрөбүз. Негизи жарандар бардыгы бир учурда чыкпай, кезек-кезеги менен чыгуусу шарт", — деди Собянин.

Москва шаарына мигранттын документин текшерип жаткан полиция кызматкерелри. Архив - Sputnik Кыргызстан
РФтеги мекендештер паспортунун мөөнөтүн кайдан узарта алат? Элчиликтин жообу
Ошондой эле ал кийим-кечек саткан дүкөндөр, химиялык тазалоо, тиричилик техникаларды оңдоочу жайлардын ачылышы пландалып жатканын кошумчалады. Мындан тышкары, Москва мэри шаар Жеңиш парадын өткөрүүгө даяр экенин билдирди.

Ал эми Владимир Путин өлкөдө коронавирус боюнча абал турукташып калганын айтып, учурда күн сайын жуктуруп алгандарга караганда сакайып чыгып жаткандардын саны көп экенин айтты.

Жалпысынан Путин айрым майда-чүйдө кемчиликтерди эске албаганда, Москва жетекчилигинин COVID-19 менен күрөшүүдөгү аракетин жакшы деп баалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0