Путин: Россия коронавирустун жайылышынын жогорку чегинен өттү

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин провел встречу с губернатором Брянской области А. Богомазом
Президент РФ В. Путин провел встречу с губернатором Брянской области А. Богомазом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн РФ лидери Жеңиш парады июндун этегинде өтөрүн жар салып, тиешелүү органдарга тобокелдиктерди азайтуу тапшырмасын берген.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Россияда адистердин пикири боюнча коронавирустун жайылышынын жогорку чеги өттү. Бул тууралуу мамлекет башчы Владимир Путин коргоо министри Сергей Шойгу менен сүйлөшкөндө билдиргенин РИА Новости жазды.

Путин Коргоо министрлигинин бөлүктөрүндөгү адистерди COVID-19га каршы күрөшүүдө Италия, Сербия, Босния жана Герцеговинага, ошондой эле бир катар мамлекеттерге жардам бергени үчүн ыраазычылык билдирген.

"Албетте, азыр да мамлекеттер менен жардамды алышып-беришип жатабыз. Эксперттердин пикири боюнча, оорунун тарашынын жогорку чеги өтүп кетти. Сиздер жасаган иштер дүйнө жүзүндөгү өнөктөштөр менен алаканы жакшыртуунун жалпы аракети", — деген Путин онлайн-жыйында.

Белгилей кетсек, РФ лидери бүгүн 9-майда болбой калган Жеңиш парады 24-июнда өтөрүн билдирип, Шойгуга коопсуздукту камсыздап, тобокелдиктерди азайтуу тапшырмасын берген

Ушул тапта COVID-19 Россияда 362 342 кишиде аныкталып, анын 131 миңден ашууну айыккан. Ал эми  3807 бейтап каза болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0