Россияда эки жарым миңден ашык кош бойлуу аял COVID-19 жуктуруп алган

© AFP / JOEL SAGETСитуация в Франции из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Франции из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин айтымында, вирус жуктурган аялдардын балдары илдетке кабылбай, соо төрөлөт. Ооруну энеси менен байланышкан учурда жуктуруп алышат.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Россияда жалпысынан эки жарым миңден ашык кош бойлуу аялдан коронавирус аныкталган. Бул маалыматты РИА Новости Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акушерия жана гинекология боюнча штаттан тышкаркы башкы адиси Лейла Адамянга шилтеме берип таратты.

Анын айтымында, вирус жуктурган аялдардын наристелери илдетке кабылбай, соо төрөлөт. Инфекцияны энеси менен байланышкан учурда жуктуруп алышат.

"Учурда өлкөдө 2561 кош бойлуу аялдан вирус аныкталган. Эң көп жуктургандар Москвада. Каза болгондор жок", — деген адис.

Адамян белгилегендей, коронавирус менен ооруган аялдарды операция жолу менен эмес,  табигый түрдө гана төрөткөнгө аракет кылышат. Хирургиялык жактан киришүү өтө зарыл учурда гана колдонулат.

Адис ымыркайды төрөлөрү менен энесинин колуна бербей, обочолонтуу керектигин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0