Су-57 сыналып бүттү: Россия алгачкы 76 истребителин качан алат?

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүРоссиянын Су-57 учагы. Архив
Россиянын Су-57 учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус пандемиясынан улам түзүлгөн технологиялык чыңалууга карабастан, Россиянын коргонуу-өнөр жай комплекси бешинчи муундагы Су-57 истребителинин сериялык өндүрүшүн пландуу чыгарууда.

РФ Аба-космостук күчтөрү тез арада жаңы авиациялык комплекске ээ болот. Россия коргоо жаатына жумшаган чыгымдары боюнча дүйнөдө төртүнчү гана орунду ээлейт. Бирок Россиянын коргонуу-өнөр жай комплексинин жетишкендиктери таасирлентпей койбойт. Тарыхта алгач ирет РФ эң жаңы курал-жарак тармагында дүйнөнүн бардык өлкөлөрүн, анын ичинде АКШдан да озуп чыкты. Ушул менен токтоп калгысы жок дейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.

РФ коргонуу өнөр жай тармагын тескеген вице-премьер Юрий Борисов РИА Новости агенттигине берген маегинде: "Сыноолордун жүрүшүндө Су-57 тактикалык-техникалык тапшырмалардын дээрлик бардык талаптарын толук көлөмдө тастыктады. Аба-космостук күчтөрүн үч авиациялык полкту жабдуу үчүн 76 учак чыгарууга мамлекеттик контракт белгиленген мөөнөтүнө шайкеш аткарылууда", — деп билдирди. Белгилей кетсем, истребителдик авиаполк аскерий күчү боюнча жалпы күчтөрдүн дивизиясы менен бирдей. Үч жаңы полк – бул Россиянын Аба-космостук күчтөрүн олуттуу түрдө күчтөндүрдү.

Рабочая поездка президента РФ В. Путина в Южный федеральный округ - Sputnik Кыргызстан
Кара деңиз Россиянын толук көзөмөлүндө. НАТОнун аракетине жооп
Юрий Борисов COVID-19 вирусунан улам жаралган аргасыз жагдайга карабай бешинчи муундагы Су-57 истребителдеринин биринчи (жол көрсөтүүчү) партиясы РФ Куралдуу күчтөрүнө быйыл, 2020-жылы өткөрүлөт. Сериялык өндүрүүнүн ыргагы тууралуу ушундай эле маалыматты мурда "Ростех" мамлекеттик корпорациясынын башчысы Сергей Чемезов билдирген.

Биринчи баскычта Россиянын Куралдуу-космостук күчтөрү төртүнчү муундагы кыймылдаткычтуу учактарды алат. Бешинчи муундагы күч берүүчү орнотмолуу учактар 2020-жылдын ортосунан тарта өткөрүп берилмекчи. Бирок азыркы кыймылдаткычтар деле чет элдик аналогдорун караандатпайт.

Сыноолордун жүрүшүндө жаңы истребителдин бардык тутумдары жана кыймылдаткычтары көп ирет жана ар кыл, анын ичинде учкучсуз режимдерде текшерилди. РФ Коргоо министрлиги да Су-57 Сирияда согуштук шарттарда сыноолордон ийгиликтүү өткөнүн бир нече жолу билдирген. Башкача болмок да эмес, себеби бешинчи муундагы россиялык истребитель аба, жер жана суу үстүндөгү буталардын бардык түрүн натыйжалуу жок кылууга багытталган. Күчтүү куралдын, душманды кармоонун алдынкы тутуму, үндөн да ыкчам крейсердик ылдамдык жана жогорку маневрдүүлүгү, көп көзгө чалдыкпастыгынын айкалышы Су-57ге абада абсолюттук артыкчылыкты камсыз кылат. Дүйнөдө ага тең келгис учак жок.

Мүмкүнчүлүктөрү болжоп болгус

Су-57 үч авиаполку – Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн аскердик мүмкүнчүлүктөрүн арттыруудагы сапаттуу секирик. Жапжаңы истребитель 400 чакырымга чейинки аралыктан аба жана жер үстүндөгү буталарын кармоого, 62нин тегерегиндеги объектини коштоп жүрүүгө (башка учактарга (сокку уруучу учкучсуз) буталар боюнча көрсөтмөлөрдү берүүгө) жөндөмдүү.

Бешинчи муундагы америкалык истребителдерден "Сухойдун" артыкчылыгын анын төмөнкү мүнөздөмөлөрү камсыз кылат: үндөн да ыкчам крейсердик ылдамдыкта анча байкалбастыгы (F-35 жана F-22де жок өзгөчөлүк), көрүнүктүү пилотаждык сапат, негизги радиолокациялык станция, буталарды кармоонун уникалдуу оптикалык-электрондук системасы электрондук тоскоолдуктарды коюу тутуму (акылдуу каптоосу), бортунда 10 тонналык курал арсеналы (анын ичинде гипер үндүү ракеталар).

Истребителдин бүт ок-дарысы анын атайын тосмо менен бөлүнгөн ички жайында, башкача айтканда, душмандын радарына "илинбейт".

Стратегиялык өзөктүк ракеталык субмарина Князь Владимир долбоор 955A (шифр Борей-А) - Sputnik Кыргызстан
НАТОну санаага салып... Россия "Борей-А" жана "Ясень-М" субмариналарын чыгарды
Жарыкка чагылган үстүңкү бөлүгүнүн чакан аянты (0,4 чарчы метр) конструкциясынын жогорку технологиялык композиттик материалдарынан (учактын үстүңкү катмарынын 70 пайызы жана салмагынын 25 пайызы) улам Су-57ге душмандын көзүнө дээрлик чалдыккыс калуусуна мүмкүндүк берет.

Негизги радиолокациялык станция жана башка активдүү жана пассивдүү радиолокациялык менен оптикалык-локациялык станциялар, ошондой эле Су-57нин аскердик колдонулушу жана башкаруусунун бирдиктүү тутуму башка учактар менен маалымат алмашуу тутуму, командалык пункттары, Аба-космостук күчтөрдүн, Аскердик-деңиз флоту жана Кургактагы күчтөрдүн чалгындоо системалары менен интеграцияланган.

Эки турбореактивдүү кыймылдаткычы Су-57ге саатына 2600 чакырымга чейин ылдамдыкты, бийиктикке көтөрүлүү ылдамдыгы – мүнөтүнө 21 чакырымга чейин көтөрүүгө мүмкүндүк берет.

Бешинчи муундагы россиялык истребитель форсажды кошпогондо үндөн да ыкчам ылдамдыкка өтүүдө.

Кыймылдаткычтын тартуу векторун оодаруунун үч өлчөмдүү системасы учакка жогорку маневрдүүлүктү камсыз кылат. Эгер тапшырмаларды "Охотник" учкучсуз учуучу аппараты менен интеграцияда аткара турган болсо, Россиялык армия тарабынан буюртма берилген 76 Су-57 оор истребителинин мүмкүнчүлүктөрү канчалык артарын болжолдоого гана болот.

Бешинчи муундагы истребитель менен бирге аракеттешүүсүндө сокку уруучу учкучсуз-көзгө чалдыкпас истребителдик авиациясын колдонуу жаатында топ жарган объект болушу мүмкүн. Мында учкучтун натыйжалуу аракети жана аскердик робот үчүн кыйырсыз мейкиндик ачылат.

Су-57де учкучсуз режимдин иштеши тууралуу маалымат өтө кызык. Эң татаал машина базадан абдан алыс аралыкта да жасалма интеллект (же оператор) аркылуу башкарылат. Бул ылдамдык жана маневр боюнча физиологиялык чектөөнү жоёт (согушта пайдалануу тактикасында ашыкча жүктөө роль ойнобой калат).

РФтин бешинчи муундагы истребителинин учкучсуз модификациясынын өнүгүшүнө АКШ тегин жерден тынчсыздануу менен көз салып жаткан жок. Себеби америкалык жаңы F-35 Lightning II үндөн ыкчам ылдамдыкта болжол менен эки мүнөттөн кийин кыйрап калышы ыктымал, катмары туруштук бере албайт.

Аскердик-саясий турбуленттуулук

Су-57 оор истребителинин ачык мүнөздөмөлөрү жана мүмкүнчүлүктөрү бери жагы эле. Аба чалгыны жана көзөмөл, күчтөрдүн башка түрлөрүнүн аракеттеринин координациясы, кеңири спектрдеги жогорку тактыктагы ракеталык соккулар, айтор, бешинчи муундагы "Сухой" учагынан душман соо калбайт. Бирок аскерий артыкчылыгы – тек максат эмес.

Истребитель F-35 - Sputnik Кыргызстан
100 млн. долларлык парадокс. F-35 истребителинин баага татыбаган сапаты
Жаңы авиациялык комплексинин натыйжалуулугу тышкы агрессиянын алдын алууда РФ жана анын союздаштарынын аскердик коопсуздугу үчүн чоң мааниге ээ. Курал-жарактын дүйнөлүк рыногунда РФтин алдынкы саптагы ордун, авиациялык өнөр жайдагы технологиялык прогрессин сактап калуу да чоң мааниге ээ.

Соңку жылдардагы Афганистан, Ирак, Сирия, Ливия, Югославиядагы согуштук жаңжалдардын тажрыйбасы Батыштын башкы инструменти же "келтеги" болуп абада сандык жана сапаттык жактан (сокку уруучу авиация, канаттуу ракеталар, учкучсуз учактар) үстөмдүк кылуу эсептелет.

Пентагондо өзөктүк эмес чагылгандай тез сокку уруу концепциясын иштеп чыгууда. Ал америкалык куралдуу күчтөргө бир нече сааттын ичинде АКШнын кандай душманы болбосун кыйрагыдай кылып, чыңдалган жана мобилдик буталарына өзөктүк эмес дүрмөт (заряд) менен сокку урууга мүмкүндүк берет. Эске салсак, Кошмо Штаттар 2019-жылы ойдон чыгарылган шылтоо менен Орто жана кыска аралыктагы ракеталарды жоюу келишимин бузган. Стратегиялык чабуулдук курал жөнүндөгү келишимге карата белгисиздикти жаратып, Ракеталык чабуулга каршы коргонуунун глобалдык тутумунун сокку уруучу дараметин өстүргөн.

АКШнын аскердик бюджети 2020-жылы 750 миллиард долларга чыккан. Бул россиялык коргонуу тармагынын бюджетинен 10 эсе көп, дүйнөнүн башка бардык өлкөлөрүнүн аскердик чыгымдарына тең келет. Күчтүү Абадан коргонуу, Ракеталык чабуулга каршы коргонуу тутумдары жана Аба-космостук күчтөрүн түзүү Россиянын мамлекеттик айныгыс артыкчылыгы болууда.

Москва коопсуздуктун бардык периметрлери боюнча согуштук коркунучтардын өсүшүнө жооп кайтарууга жана аскердик күчтөрдүн даярдыгын жогорулатуу, союздаштарынын коопсуздугун бекемдөөгө мажбур.

Жаңылыктар түрмөгү
0