ЖМК: Рамзан Кадыров Москвада ооруканада жатат

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүЧечен Республикасынын лидери Рамзан Кадыров. Архив
Чечен Республикасынын лидери Рамзан Кадыров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин бир катар ЖМКлар Кадыровдун коронавирус жуктуруп алган деп шектелип жатканын жазып чыгышкан. Бирок кийин жардамчысы бул маалыматты төгүндөгөн.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Чечен Республикасынын лидери Рамзан Кадыров Москвадагы ооруканалардын биринде дарыланып жатканын жеке булактарына таянып РИА Новости жазды.

Буга чейин бир катар ЖМКлар Кадыровдун коронавирус жуктуруп алган деп шектелип жатканын жазып чыгышкан. Кийин анын жардамчысы COVID-19га каршы туруу боюнча ыкчам штабды өзү жетектеп, иштеп жатканын билдирген.

Расмий маалыматтарга караганда, Чечен Республикасында коронавирус жуктургандардын саны 1000ден ашты. Анын ичинен 11 киши көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0