Роспотребнадзор Россияда коронавирустун жайылышы токтогонун жар салды

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүДезинфекция жүргүзүп жаткан муниципалдык кызматкер
Дезинфекция жүргүзүп жаткан муниципалдык кызматкер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Федералдык кызматтын жетекчисинин айтымында, күндөн-күнгө оорулуулардын саны азайып жатат. Өлкөдө стабилдүүлүк байкалууда.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Россиянын Керектөөчүлөрдүн укугун коргогон жана адам жашоосунун жайлуулугун көзөмөлдөгөн федералдык кызматтын (Роспотребнадзор) жетекчиси Анна Попова өлкөдө коронавирустук инфекция менен ооругандардын санынын көбөйүшү токтогонун билдирди. Анын бул тууралуу "Москва. Кремль. Путин" программасында айтканын РИА Новости жазды.

"Күндөн-күнгө оорулуулардын саны азаюуда. Өлкөдө стабилдүүлүк байкалып жатат, бардык региондор кырдаалды турукташтыра алды. Бул, албетте, ден соолугубузга кылдат мамиле кылганыбыздын акыбети", — деген Попова.

Бирок ал вирус коркунучун азайтуу үчүн жай мезгилинде да алдын алуу чараларын көрүү керектигин кошумчалаган. Анын айтымында, россиялыктардын көбү эрежелерди сактагандыктан оорудан оолак боло алды.

Россияда коронавирус жуктургундардын саны 281 752ге жетип, 57 миңден ашык бейтап айыккан. Ал эми 2631 адам көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0