РФтин аскерий медиктери Италиядан кайтууда. Жардам жана сакталган өмүрлөр

© Sputnik / Александр Мельников / Медиабанкка өтүүИталиядан россиялык аскер адистери кайтып келишти
Италиядан россиялык аскер адистери кайтып келишти - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын Радиациялык, химиялык, биологиялык коргоо күчтөрүнүн адистери жана медиктеринен турган курама отряд COVID-19 коронавирус пандемиясынын европалык эпицентриндеги миссиясын татыктуу аяктады.

Бул жолу да дүйнөлүк масштабдагы көйгөйдү чечүүдө кесипкөйлүк, ыкчам жана натыйжалуу аракеттердин үлгүсүн көрсөттү. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко Россияга кайтканы алардын коронавирустук инфекция менен күрөшүүнүн "италиялык тажрыйбасы" чоң керекке жарары шексиз деген пикирин жазды.

Москванын жанындагы Чкаловский аэродромуна Россиянын медициналык атайын багыттагы адистердин жана атайын техниканын топтому менен тогузунчу жана онунчу Ил-78 аскердик-транспорттук учактары келип конду. Италияда алар COVID-19 вирусуна каршы күрөштө көмөктөшкөн. Коюлган милдеттердин баары аткарылды.

Мурда италиялык калкка жардам иретинде Россия 100 чакты аскердик вирусолог адистердин жана медиктерден турган сегиз ыкчам бригаданы жөнөткөн. Алар дартты аныктоочу аппаратура, транспорт жана аймактарды аэрозолдук дезинфекциялоочу автомобилдик комплекстерин ала кеткен. Андан сырткары Радиациялык, химиялык, биологиялык коргоо күчтөрүнүн он беш лабораториясынын бирин жана башка медициналык жабдууларды өздөрү менен  алышкан.

Италияга жөнөтүлүп жаткан Россиянын медицина спезназынын аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
COVID-19. Медициналык спецназ. Россиянын Италияга көрсөткөн жардамы
РФтин Коргоо министрлигинин учактары Римден 30 чакырым ыраактагы Pratica di Mare авиабазасына ал жакка багытталган аскер кызматкерлерин жана ишке керектелген нерселердин баарын алып барган.

Россиялык адистер Италияга 23-марттын түнүнөн тарта жеткирилип, 7-майга чейин алар бир катар татаал жана жооптуу операцияларды өткөрүшкөн. Улгайган адамдар үчүн бир нече пансионатты жана Ломбардия облусундагы, Брешиа провинциясындагы 100 калктуу пункттардагы эпидемиологиялык татаал объектилерди толук дезинфекциялашкан.

Иш сапарынын маалында 120 имарат жана курулуш, 1 миллион 200 миң чарчы метр ички имарат, катуу жабдылган 500 миң чарчы метрден ашуун жол дезинфекцияланган. Мындан тышкары Бергамо шаарындагы талаа госпиталынын иши башталганы (6-апрелден тарта) россиялык аскердик медиктер коронавирустук илдетке кабылган 115 бейтапты кабыл алып, кыска убакыттын ичинде 76 бейтап сакайып чыккан.

Госпиталда Россиянын Коргоо министрлигинин сегиз врачтык-медайым бригадасы, 32 медициналык адис интенсивдүү терапия, ошондой эле жеңил жана орто даражадагы дарылоо бөлүмдөрүндө үч нөөмөттө эмгектеништи.

Россияга кайтканда медициналык атайын даярдыктагы отряд санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардан өтөт. Андан соң кайрадан иш майданына аттанат, себеби пандемия дагы басыла элек.

Жети жумалык күрөш

Италия жана бүтүндөй Европа үчүн коронавирустук пандемияга каршы күрөштө эл аралык эриш-аркак бул тажрыйба үлгүлүү, маңыздуу жана абдан пайдалуу болду. Россия лидери Владимир Путиндин Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө 21-мартта коронавируска каршы күрөштө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирген.

Андан көп өтпөй Россия жеке коопсуздугуна эч зыян келтирбестен, эки сутка ичинде Италияга 15 Ил-76 бортунда эң акыркы үлгүдөгү техника менен жабдылган жогорку профессионалдуу, абдан натыйжалуу медициналык жамаатты жеткирген.

Биологиялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарда патогендик биологиялык материалдардын анализи үчүн "Сыч" модулдук комплексине эле эмне жетсин? Тегин жерден Россиядан келген куткаруучу десантты Италиянын ТИМ жетекчиси Луижи Ди Майо жана Италия куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Энцо Вичерелли өздөрү тосуп алган.

Италиянын медицины кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Дарыгер Италияда коронавирустан көп адамдын көз жумган себебин айтты
Толкунданган Ди Майо россиялык адистердин алдынкы тобуна "Италиянын Коргоо министрлиги толук сиздердин кызматыңыздарда" деп да билдирген. Коронавирустук инфекцияны жогорку технологиялык ыкма менен жок кылуу жана өтө оор абалдагы бейтаптарды дарылоо башталганга чейин эле Москва куткарууга үмүт жандырып, ал эми россиялык аскер кызматкерлери көптөгөн европалыктардын аң-сезимин өзгөрткөн. Мындай көрүнүктүү мисал "Орустар согушту каалайбы?" деген суроого таасын жооп берет. Ошону менен катар эле Россиянын реалдуу принциптерин, мүмкүнчүлүктөрүн, каражаттарын жана максаттарын айгинелейт (албетте, бул Батыштагы айрым маалымат каражаттары жазгандай, НАТО менен Евробиримдиктин ортосуна жарака кетирүүгө умтулуу эмес).

Эске салсак, Италияда коронавирустук инфекциядан 31 миңден ашык адам каза тапты. Бергамо шаары марттын ортосунда "коронавирустук тозокко" айланган, жергиликтүү крематорий да маркумдардын сөөгүн батыра албай калган. Аталган республикада саламаттыкты сактоонун 4800 кызматкери аталган илдетке кабылган, бул Кытайга салыштырмалуу эки эсе жогору.

Бул шарттарда Россиянын Коргоо министрлигинин колоннасы Римден Бергамо шаарына 600 чакырымдык марш жасап, адистер дароо билек түрүнө ишке киришти. Мындай жардам жогорку баага татырлык.

14-майга карата Италияда COVID-19 вирусунан 115 288 киши сакайып, ушул тапта оору менен 74 194 киши дале алышууда (бул да көп, бирок мындан да бир нече эсе жогору болмок). Эпидемиянын басаңдап баратышында РФ Коргоо министрлигинин татыктуу салымы бар.

Россиялык адистердин COVID-19га каршы өмүрлөрүн тобокелге салган жети апталык күрөшүнүн жыйынтыгы күтүлгөндөй эле итальян калкынын ыраазычылыгы жана Италия коргоо министри Лоренцо Гуэринин ушундай эле аракеттерине даяр экени (7-майдагы россиялык кесиптеши Сергей Шойгу менен болгон телефон аркылуу баарлашканында) жөнүндөгү маанилүү билдирүүсү болду. Эки өлкөнүн аскердик-медициналык кызматташтыгы пандемиядан тышкары да конструктивдүү нукта уланышы ыктымал.

Россиядагы кырдаал

Ооба, Италиядагы тажрыйба "күрөштү чалгындоо" сымал да болду. Россиялык Радиациялык, химиялык, биологиялык коргоо күчтөрү Апенниндер жарым аралына 15 лабораториясынын бирин, дезинфекциялоочу 2065 бирдигинен 20 атайын машинасын жана 20 миң аскер кызматкеринен жүз чактысын жөнөткөн.

Эми Радиациялык, химиялык, биологиялык коргоо күчтөрүнүн аскердик медиктери жана адистери көзгө көрүнбөгөн душманы менен кантип күрөшүүнү, алдын алуу чараларын жана бейтаптарды дарылоону так билишет. Россияда татаал эпидемиологиялык жагдай дале уланууда. Алдыда аткарылчу иштер арбын.

Кыргызстанка Миргуль Омуралиева, живущая в Италии - Sputnik Кыргызстан
Кызымдын жазганын окуп ыйладым. Италияда жашаган Миргүл айымдын маеги
Аскердик-медициналык түзүмдөрдөн сырткары, РФ аймагындагы ар бир аскердик округда Радиациялык, химиялык, биологиялык коргоо күчтөрүнүн өзүнчө бригадасы бар. Ушул негизде апрелден бери ыкчам отряддар түзүлүүдө. Зарыл учурда алар өнөр жай ишканаларын, медициналык мекемелерди жана башка өтө маанилүү объектилерди залалсыздандырат.

Өлкөнүн ыкчамдаштырылган механизмдерин сактоо менен Радиациялык, химиялык, биологиялык коргоо күчтөрүнүн адистери жазгы аскердик чакыруу кампаниясынын коопсуздугун камсыздайт. Алдын алуу чаралары ар бир региондо, чакыруунун ар бир баскычында жүргүзүлөт.

Булардан тышкары, РФ Коргоо министрлигинин адистери 15-майга көп функционалдуу сегиз медициналык борборду пайдаланууга берүүнү убада кылган. Ошентип, мекеме 15 региондо көп функционалдуу 16 медициналык борбордун курулушу боюнча мамлекеттик милдеттенмени аткарат.

Балким, мынчалык сандагы ооруканага муктаждык болбостур, бирок алар резервде калат. Бирок пандемия менен күрөшүүдө бул ыкчам иш тажрыйбасы абдан маанилүү. Алдыда адамзатты дагы кандай жаңы вирустар күтөрүн ким билет?

Жаңылыктар түрмөгү
0