Баланы COVID-19дан кантип коргосо болорун россиялык адистер айтып берди

© AFP / Yuri KadobnovАял баласы менен шаардын борборунда коргоочу бет каптарда. Архив
Аял баласы менен шаардын борборунда коргоочу бет каптарда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруп алган 15 жашка чейинки балдардын саны 150нүн  тегерегинде, алардын арасынан 12си бир жашка чейинки ымыркайлар.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Россиянын Керектөөчүлөрдүн укугун коргогон жана адам жашоосунун жайлуулугун көзөмөлдөгөн федералдык кызматы (Роспотребнадзор) балдарды коронавирустан кантип коргоо керектигин айтышты. Маалыматты “Известия” басылмасы жазды.

Роспотребнадзор мекемесинин адиси Татьяна Руженцованын айтымында, Россияда вируска кабылган балдардын саны көбөйүүдө. Тагыраагы, өткөн айда ооругандардын 5 пайызын жашы жете элек балдар түзсө, бул айда көрсөткүч 7 пайызга чыкты.

“Балдарды коргоонун бир гана жолу бар. Ал колдон келишинче аларды эч ким менен байланыштырбоо жана зарыл болбосо көчөгө чыгарбоо. Сейилдеп келсин деген максатта ата-энеси дүкөнгө жана дарыканага барган учурда дагы баланы ала барбашы керек. Үйдөн алып чыгууга аргасыз болсоңуз, бет кап жана кол капты унутпагыла. Балдар чоңдорго караганда көп жерди кармалайт”, — деди Руженцова.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруп алган 15 жашка чейинки балдардын саны 150нүн тегерегинде, алардын арасынан 12си бир жашка чейинки ымыркайлар. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев алар көбүнесе вирусту ата-энесинен жугузуп жатканын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0