20:26 03 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.1102
  • EUR86.6140
  • RUB1.0938
Россия
Кыскача шилтеме алуу
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы (106)
217 0 0

Онлайн режиминдеги жүрүш 9-май күнү өткөн. Анда ар кайсы атты жамынган ниети бузуктар Гитлер, рейхсфюрер Гиммлердин жана Нюрнберг трибуналы тарабынан соттолгон улутчул кылмышкерлердин сүрөттөрүн жайгаштырышкан.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Россиянан тергөө комитети "Өлбөс полк" онлайн-жүрүшүнүн сайтына нацисттик кылмышкерлердин сүрөтүн жайгаштырган адамдарды аныктады. Бул тууралуу РИА Новости ведомствонун расмий өкүлү Светлана Петренкого таянуу менен жазып чыкты.

Буга чейин "Өлбөс полк" жүрүшүнүн уюштуруучулары курман болгондорго шек келтирчү аракеттерге туш болушканын айтышкан. Ардагерлердин сүрөтүнүн ордуна айрымдар улутчул Германиянын жол башчыларынын, офицер жана идеологдорунун сүрөттөрүн жөнөтүшкөн.

Ар кайсы атты жамынган ниети бузуктар Гитлер, рейхсфюрер Гиммлердин жана Нюрнберг трибуналы тарабынан соттолгон улутчул кылмышкерлердин сүрөттөрүн жайгаштырышкан. Чабуул бир нече саат бою 500дөн ашуун IP-даректен жөнөтүлүп, бул анын максаттуу аракетинен кабар берери айтылган. Чагымчылардын бардык маалыматы Россиянын Тергөө комитетине жөнөтүлгөн болчу.

Маалыматка ылайык, тергөө аталган IP-даректерди жана алардын ээлерин тактап чыккан.

"Мындай жосунсуз жорукка ондогон адамдын тиешеси бар экени аныкталды. Басымдуу бөлүгү чет элдик жарандар. Шектүүлөрдүн арасында өлкөнүн ар кайсы региондорунда жашаган 10дон ашуун россиялык жаран бар", — деди Петренко.

Билдирүүдө бул аракеттердин баары нацисттик режимди колдоо иретинде жасалганы айтылат. Учурда тергөө жүрүп, шектүүлөргө издөө жарыяланган.

Эскерте кетсек, "Өлбөс полк" жүрүшү онлайн форматта 9-май күнү өткөн. Ага катышуу үчүн үч миллиондон ашуун каалоочу билдирме жөнөткөн.

Тема:
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы (106)

Тема боюнча

Атчан аскерлердин фронттон окуучуларга жазган каты. Архивди барактап
Кокусунан кетирген катадай эмес. Facebook неге актанды?
Белгилер:
Германия, Адольф Гитлер, шектүү, тергөө, жүрүш, "Өлбөс полк" акциясы

ЭҢ МААНИЛҮҮ