Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков коронавирус жуктуруп алды

© Sputnik / Табылды КадырбековГосударственный визит президента РФ В. Путина в Кыргызстан
Государственный визит президента РФ В. Путина в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кремлдин өкүлү коронавирус жуктуруп алганы тууралуу маалыматты журналисттерге тастыктап, учурда дарыланып жатканын билдирген.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Россия президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков коронавирус жуктуруп алганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Учурда ал ооруканада экендиги айтылат.

"Ооба. Ооруп калдым. Дарыланып жатам", — деп билдирген ал РИА Новостиге.

Эске сала кетсек, буга чейин 30-апрелде Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болгон. Соңку маалыматтарда ал өзүн жакшы сезип, кесиптештери менен онлайн иштеп жатканы айтылган.

Ошондой эле 1-майда вирус менен Курулуш министрлигинин башчысы Владимир Якушев ооруканага жаткырылса, ал эми 6-майда маданият министри Ольга Любимовадан вирус аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0