Элди колдоо жана чектөөнү акырындап алуу. Путиндин кайрылуусу

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия лидери өлкөдөгү үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча чаралар, бизнести колдоо жана чектөөлөрдү акырындап алуу тууралуу айтты.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин дүйшөмбүдө коронавируска каршы күрөш жана азыркы кырдаал боюнча россиялыктарга кайрылуу жасады.

Башкы жаңылык — карантинден улам Россиядагы эл иштебеген күндөрдүн аякташы болду. Ал 30-марттан башталып, кырдаалдан улам 11-майга чейин уланган.

Россия лидеринин сүйлөгөн сөздөрүнүн маанилүү учурлары:

  • Эпидемия менен күрөш аягына чыга элек, бирок чектөө чекесинен алына баштайт. Бул иштер акырындап, кылдаттык менен жүргүзүлөт. Кеп бир катар тармактардын ишинин кайра жанданышы туурасында жүрүп жатат;
  • Губернаторлорго санитардык талаптарды аткарбаган ишкана, уюмдардын ишин чектеп же токтотуп коюуну өкмөт менен макулдашып чечүүгө укук берилди;
  • Аймактын бийлиги кырдаалга жараша абалды жеңилдетип же катуулата алат;
  • Россияда эл көп чогулган иш-чараларга мурдагыдай эле тыюу салынган;
  • Россиялык дарыгерлер эпидемия жаңы башталганга караганда коронавирус туурасында көптү билип калышты. Эми алардын мол тажрыйбасы бар, дарылоонун ыкмаларын иштеп чыгышты. Путин алардын каармандыгы үчүн ыраазылык билдирди;
  • Алдыда коронавирус менен күрөшүүдө оор жана узак жол турат. Бирок биздин жаңылууга акыбыз жок. Путин губернаторлор менен өкмөттөн дыкаттык менен иш алып барууну талап кылды;
  • Коопсуздукту өтө катуу сактоо 65 жаштан өйдө курактагы, өнөкөт оорусу барлар үчүн өзгөчө маанилүү экендиги айтылды;
  • Балалуу болгон муктаж үй-бүлөлөргө бизнес үчүн программалар иштелип чыкты. Ал эми өзүнүн иши бар жарандарга былтыркы жылы төлөгөн салыгы кайтарып берилет.

Путиндин элдин санитардык-эпидемиологиялык жактан бакубаттуулугун камсыздаган чараларды узартуу боюнча Жарлыкка кол койгону белгилүү болду. Анда балалуу үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү туурасында да белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0