Путин: медиктерден ашыкча отчёт сурап, кыжалат кылып, убактысын албагыла

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия лидери өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга арналган онлайн маалымат жыйын учурунда көзөмөл органдарына кайрылган.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин медициналык кызматкерлерден ашыкча отчёт талап кылып, убактысын жана тынчын албаш керектигин билдирип, өкмөткө бул боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

РФ лидери өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга арналган онлайн маалымат жыйын курду.

"Мен бардык жетекчилердин, анын ичинде көзөмөлдөй турчу жана көзөмөл мекемелерине кайрылып кетер элем. Биз азыр медицина кызматкерлерине жардам берүүгө, аларды керектүү нерселер менен камсыз кылууга милдеттүүбүз. Анан дагы алардын кыжырына тийип, ашыкча отчёт сурап, текшерип убактысын албашыбыз керек. Мен өкмөттөн бул маселе боюнча керектүү чечимдерди кабыл алууну суранам", — деди Путин.

Бүгүнкү күндө Россияда 221 344 кишиде коронавирус аныкталып, анын 39 801и айыгып, 2009 киши көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0